АТ-БАШЫ РАЙОНУНДА ӨНӨР ЖАЙ СООДА- ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОРУН КУРУУ ИШТЕРИ БАШТАЛАТ

АТ-БАШЫ РАЙОНУНДА ӨНӨР ЖАЙ СООДА- ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОРУН КУРУУ ИШТЕРИ БАШТАЛАТ

Ат-Башы районунда өнөр жай соода-логистикалык борборун куруу иштери чукул арада башталат. Мындай маалымат бүгүн, 30-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Кытай Эл Республикасынан келген делегация менен жолугушууда тастыкталды.

Эки тараптуу жолугушууга КРнын Вице-премьер-министри Замирбек Аскаров, Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Адылбек уулу Шумкарбек, облус башчысы Эмилбек Алымкулов, “Кыргыз-Кытай эркин экономикалык соода аймагы” жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы Эмилбек Абдыкадыров, уюштуруучусу Лю Ин, “Нурстрой монтаж” курулуш ишканасынын башчысы Азис Садырбеков, “AVID” Сингапур архитектура жана дизайн институтунун конструктору Ли Лечао, “Син Хон Юань” курулуш ишканасынын жетекчиси Ли Жулинь ж.б. тиешелүү кызмат жетекчилери катышты.

Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин облус жетекчилиги менен делегация мүчөлөрү Ат-Башы районуна барып, айыл өкмөттөрү жана айылдык кеңештин төрөгалары менен жолугушту.

Жолугушууда Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: “Мындай ири өнөр жай соода-логистикалык борборду куруу бир нече жылдардан бери пландалып келсе, быйылкы жылы анын алгачкы иштери башталып отурат. Бүгүнкү күнү, 2019-жылдын 3-сентябрында “Нарын” ЭЭА менен “Кыргыз-Кытай эркин экономикалык соода аймагы” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда Ат-Башы районуна өнөр жай соода-логистикалык борборун куруу боюнча эки тараптуу келишимдин негизинде иш алып барылууда. Долбоорду ишке ашыруу үчүн кыргыз өкмөтү тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук актылары кабыл алынып, аткарылды. Бул борбор ишке ашса 12-13 миңдей жумуш орду түзүлөт. Биздин башкы максат, өзүбүздөн чыккан продукцияны дүйнөлүк брендге чыгаруу”,- деди вице-премьер-министр.

Өнөр жай соода-логистикалык борбордун жалпы сметалык баасы 280 млн. АКШ долларды түзөт. Аталган борборду куруу менен Нарын облусунун Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу экспорттук багытты өнүктүрүү менен ар тараптуу системалык экономиканы жана инвестициялык жагымдуулуктуу камсыз кылуу, калктын жашоо денгээлин жогору көтөрүү менен региондун экологиялык туруктуулугу сакталат.

Өнөр жай соода-логистикалык борборунун негизги максаттары:

– Eвропа менен Азияны бириктирген эл аралык коридор боюнча жүк ташуу системасын камсыз кылуу үчүн транспорттук жана логистикалык багыттарды иштеп чыгуу;
– Торугарт чек ара аймагынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, анын ичинен бажы жана чек ара мүмкүнчүлүктөрү;
– Өнөр жай, кайра иштетүү жана айыл чарба азык-түлүк секторунда, айыл чарба жана өнөр жай азыктарын экспорттоону өнүктүрүү;
– Туризм тармагын өнүктүрүү;
– Бюджетке түшчү салыктын көлөмүн жогорулатуу менен регионду толугу менен дотациядан чыгаруу;
– Квалификациялуу кадрларды даярдоо менен жаңы жумуш орундарын 18000 адамга чейин түзүү;
– Инфратүзүмдөрүн куруу анын ичинен, эл аралык аэропорт, беш жылдыздуу мейманканалар, жогорку сапаттагы автомобилдик жолдор, социалдык обьектилерди куруу;
– Жаңы технологияларды киргизүү;

“Аймактарды өнүктүрүү жылы инвестиция тартуу менен өнүгөт. Быйылкы жылы 200 гектар жерди тосуу иштери бүтүшү керек”,-деп кошумчалады Кыргызстанга инвесторлорду тартып келген жеке ишкер Эмилбек Абдыкадыров.

Ал эми өз сөзүндө облус башчысы Эмилбек Алымкулов, борбор боюнча тиешелүү баардык жумуштарды колдогонго жергиликтүү бийлик даяр экенин билдирди.

Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин Нарын эркин экономикалык аймагынын башчысы Гүлзат Абдырасулова, өнөр жай соода- логистикалык борборунун курулушу тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө баяндама жасады.
Маалымат берип жатып: Курулуштун башталышы менен республикалык бюджетке 43 миллион сом, жергиликтүү бюджетке 1 млн. 782 миң сом түшөт. Эгер соода логистикалык борбору ишке берилсе, Нарын облусу 7-8 жыл ичинде дотациядан чыгат. Иш орундар түзүлүп, билимдүү кадрлар даярдалат. Эл аралык деңгээлдеги аэропорт, беш жылдыздуу мейманканалар курулат. Инфраструктура жакшырып, экономикалык өсүштөргө жол ача турган бир катар мыкты иштер жасалат.

Жыйындын калган бөлүгү суроо-жооп, сунуш ирээтинде өттү. Анда кадрларды даярдоо курстарын ачуу, жарандарды ишке алууда аймактардын тең салмактуулугун сактоо, өнүктүрүү фонддорун түзүү өңдүү бир катар сунуш-пикирлер айтылды. Бул сунуштар учурунда эске алына тургандыгын бийлик өкүлдөрү билдиришти.

КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы

Leave a Reply