КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ МАМЛЕКЕТТИК СТАТУС БЕРИЛГЕНИНЕ 30 ЖЫЛ

Бүгүн, 23-сентябрда Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенинин 30 жылдыгына карата “Улут болсом-тилим менен улутмун” аталышындагы маданий иш-чара болуп өттү.

Ага Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраев, Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова, Нарын шаардык кеңештин төрөгасы Жыргалбек Ботоканов, мекеме жетекчилери, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Алгач иш-чараны Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова ачып, куттуктоо сөздү облус башчысынын орун басары Жаркын Ибраевага берди.

Жаркын Ибраева өз сөзүндө, кыргыз тили кыргыз эли пайда болгондон тартып эле пайда болгон. Беш жүз миң саптан ашык “Манас” эпосу, Жеңижок жети күн, жети түн айткан “Аккан суусу” кыргыз тилинин бай экенин айгинелеп турат. Ал эми ушул тилди калыпка салган нарындык профессор Ишенаалы Арабаев экенин да баса белгиледи.

Маданий-иш чаранын калган бөлүгү концерттик программа менен коштолду

Мына ушундай эле иш-чара С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде да орун алды. Ага, облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов катышып, студенттердин күчү менен даярдалган чакан концерттик программага күбө болду.

Маалымат катары айтып өтсөк, кыргыз тили 1989-жылы 23-сентябрда ССР Жогорку Советинин сессиясында «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндөгү Кыргыз Советтик Социалистик Республикасынын закону» кабыл алынган. Ошентип, бул мыйзам- коомдук турмуштун бардык чөйрөсүндө ар тараптуу жана толук түрдө колдонулушун камсыз кылууга багытталган зор тарыхый мааниси бар документ.

КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы

Leave a Reply