Күмүш медаль ээси Билимбекти теңиртоолуктар урмат-сый менен тосуп алды

Үстүбүздөгү жыл Кыргызстандын спорт тармагында жемиштүү жылдардан болгону кубандырат. Анын ичинде теңиртоолуктардын ийгиликтери өзгөчө сыймыктандырат. Жакында эле Грузия мамлекетинин Тибилиси шаарында откөрүлгөн ардагерлер арасындагы дүйнөлүк чемпионатта Мелис Турганбаев агабыз чемпион болуп, алтын медалга ээ болсо, Ак-Талаа райондук спорт мектебинин директору Капарбек уулу Билимбек күмүш медалга татыктуу болуп, Кыргызстандын желегин дүйнөлүк …

Толук окуу…

Облус жетекчиси Кара-Кужурдагы көйгөйлөр менен таанышты

Бүгүн, 16-октябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Нарын районунун Кара-Кужур өрөөнүндө болуп, Жер-Көчкү, Лахол, Кара-Жылга айыл аймактарынын эли менен жолукту. Облус жетекчиси алгач Жер-Көчкү айылындагы Баймоңол Кыязов атындагы орто мектептин, айылдагы бала бакчанын жана фельдшердик-акушердик пункттун кышка даярдыгын көрүп, андан кийин айыл тургундарынын маселелерин укту. Жолугушууда …

Толук окуу…

Жергиликтүү фонддорду түзүү аймактарды өнүктүрүүнү шарттайт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, бүгүн, Нарын районунун Эмгекчил, Миң-Булак, Эчки-Башы, Он-Арча, Казан-Куйган айылдарынын эли менен жолугушуп, жергиликтүү маселелер, айыл элинин көйгөйлөрү тууралуу баарлашты. Облус жетекчиси биринчи кезекте кышка даярдыкты, тоют топтоону колго алуу зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын …

Толук окуу…

Дүйнө чемпиону Мелис Турганбаев Нарын жергесинде

14-октябрда Нарын шаарында эркин күрөш боюнча республикалык турнир башталды. Турнирдин ачылышына Грузияда өткөрүлгөн ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнөлүк мелдеште чемпион болуп, Кыргызстандын туусун дүйнө жүзүнө желбиреткен Теңир Тоонун уулу Мелис Турганбаев катышты. Мелдешти ачкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов турнирди уюштуруп жаткан “Нарын ынтымагы” …

Толук окуу…

КЫЛЫМ КАРЫТКАН ОН ТӨРТ КАРЫ

Бүгүн, 1-октябрда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов 100 жаштан ашкан кары адамдарды куттуктады. Облус башчы алгач Нарын шаарынын тургуну 98 жаштагы Сатыке апанын үйүндө болуп кары адам менен баарлашты. Ага акчалай жардам жана белек-бечкектерди тапшырды. Майрамды утурлай келип учурашып, карыяларга көңүл бөлүп жаткан жетекчиге Сатыке апа ыраазычылык …

Толук окуу…