КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ АМАНБАЙ КАЙЫПОВДУН КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫНА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК КУТТУКТООСУ

Урматтуу теңиртоолуктар, кадырлуу мусулман эли!   Курман айт майрамы – ар бир мусулмандын жан дүйнөсүн тазартып ыйманга, сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө, ынтымакка үндөгөнү талашсыз. Бул майрамдын келишин мусулмандар ар дайым чыдамсыздык, кубаныч илгери үмүт менен тосуп алышат. Бул күндөрү дос досун кечирип, араздашкандар жарашып, бири-бирибизге белек беришип, кадыр көңүл табыша …

Толук окуу…

НАРЫН ОБЛУСУНДА АБАЛ ТУРУКТУУ, ЭЧ КАНДАЙ ЖОЛ ЖАБУУ БОЛГОН ЖОК

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишин токтотуу талабы менен чогулган элдин жүйөлөрүн угуп, бул маселени жеринде чечүү үчүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү аталган аймакка барышкан.

Эки тараптуу сүйлөшүүдөн соң, талаптар угулуп, компания бир ай (териштирүү иштери бүткөнгө чейин) ишмердүүлүгүн токтотту. Бүгүнкү күндө Нарын облусунда абал туруктуу, эч кандай жол жабуу болгон жок. Коомдук коопсуздукту Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлдөп жатат.

Белгилей кетсек, чогулган эл талаптар аткарылганга чейин Нарын районундагы Кара-Чий айылында жолдун боюна жыйналып, тиешелүү жыйынтык чыкканга чейин ошол жерде болорун айтышты.

Эскерте кетсек, Нарындын Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык «Zhong ji Mining» компаниясына нааразы болгон жарандар тобу 5-августта ишти токтотууну талап кылышкан.

КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы