Нооруз майрамыңыздар менен !

Бүгүн, 21-мартта, Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта чоң салтанат менен Нооруз майрамы белгиленди. Аба ырайы өзгөрүп, кар тынбай жаап турса да, салтанатты көрүүгө көп эл келди.   Бул майрамдык иш чарада Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов сөз сүйлөп, жалпы теңиртоолуктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.   …

Толук окуу…

Ишенбиликке облус жетекчи да катышты

Бүгүн, 16-мартта КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жалпы жамааты ишенбиликке чыгышты. Республиканын баардык булуң-бурчунда болуп жаткан ишенбиликке, Нарын облусунун жалпы ишкана-мекемелери жапа тырмак катышышты . Алардын катарында аппараттын жалпы жамааты облустук администрациянын айланасын тазалашты. КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы

Нарын облусу алдыга чыкты

Кыргыз Республикасынын Президентинин региондорду өнүктүрүү тууралуу Жарлыгы чыккандан бери Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов бир топ алгылыктуу иштерди жасады. Алардын бири 15-мартта борбор калаада “Теңир-Тоо” эл аралык кызматташуу форуму болуп өттү. Ага, КРнын вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, 37 мамлекеттен келген элчилер менен уюмдар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Форумдун негизги максаты …

Толук окуу…

Жарандык коргонуунун техникалык базасы

Бүгүн, 13-мартта, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов облус аймагындагы Жарандык коргонуунун жалпы инженердик техникалары менен штабдык окуу өткөздү. Бул окууга жалпы Жарандык коргонуунун түзүмдөрү катышты. Окуунун эң негизги максаты, жазгы көчкү жана сел коркунучун алдын алууга даярдык кандай экенин билүүгө багытталган. Облус башчысы, ар бир мекеме-ишканалардын инженердик …

Толук окуу…

А.Кайыпов: Бир да мал вакцинациядан өтпөй туруп жайлоого чыкпасын

“Бир да мал вакцинациядан өтпөй туруп жайлоого чыкпасын!” –деди,облус башчысы Аманбай Кайыпов, бүгүн, 13-мартта жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча облустук жыйында сүйлөгөн сөзүндө. Бул жыйынга райондук администрациянын өкүлдөрү, үрөн чарба, мал чарба, ветеринардык клиника, техника, суугат тармагына тиешелүү жетекчилер катышты. Алардын ар биринен жазгы талаа иштерине болгон камылганы сурап, …

Толук окуу…

А.Кайыпов: Комиссия мүчөлөрү эч кимге тарпай так жана туура чечим чыгарып беришиңиздерди суранам

“Республикада билим боюнча облустун жүзү силер болосуңар. Андыктан, коркпой, жакшы тапшырып, мыктылар алдыга чыксын. Ал эми комиссия мүчөлөрү эч кимге тарпай так жана туура чечим чыгарып беришиңиздерди суранам”-деди, облус жетекчиси Аманбай Кайыпов, бүгүн, 12-мартта мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын 3-облустук турун баштоо алдында сүйлөгөн сөзүндө. Быйыл облус боюнча мектеп окуучуларынын предметтик …

Толук окуу…

Жарандык коргонуунун кезектеги штабдык окуусу

Бүгүн, 12-мартта, облус жетекчиси Аманбай Кайыповдун катышуусунда облустук Жарандык коргонуунун жетекчи курамы менен “Өзгөчө кырдаал коркунучунда жана пайда болгон мезгилде Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын иш аракеттери” тууралуу штабдык окуу өткөрүлдү. Штабдык окуунун эң негизги максаты сел коркунучу жаралганда жана сел каптоолор болгон учурунда калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдын кесепетинен коргоо,кечиктирилгис …

Толук окуу…

Маданий алака түзүлдү

Бүгүн, 11-мартта, Нарын шаарында облус башчысы Аманбай Кайыповдун катышуусунда, Индиянын маданиятын тааныштыруу максатында иш чара болуп өттү.  Мындай демилгени, Индиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алок Амитабх Димри сунуштаган. Бул маданий иш чара, Индиянын тарыхында эң чоң орду бар саясий ишмер Махатма Гандинин 150 жылдыгына арналып өткөрүлдү. Анда, йога …

Толук окуу…

Аманбай Кайыпов Улан Эгизбаевдин апасын кабыл алды

Бүгүн, 6-мартта, дубан башчысы Аманбай Кайыпов Улан Эгизбаевдин апасын кабыл алды. “Айрым жигиттер элдин камын ойломок мындай турсун, өз арабасын араң тартып жүрүшөт. А сиздин уулуңуз, элдин келечеги, жаркын жашоосу үчүн талбай күрөштү. Сиз баатыр уулдун-энесисиз. Андыктан, кыргыз журтчулугу барда, Уландын аты эч качан өчпөйт”-деди,Аманбай Кайыпов. Эске сала кетсек, бүгүн …

Толук окуу…

Аманбай Кайыпов айымдарды куттуктады

Бүгүн, 6-мартта облус башчысы Аманбай Кайыпов 8-март “Эл аралык айымдар күнү” менен облустагы иши аркылуу айырмаланган  жана мыкты балдарды тарбиялап өстүргөн апаларды, эже-карындаштарды куттуктады. Куттуктоодо мындайча айтылат: Урматтуу апалар, эже-карындаштар! Жаз мезгилинин алгачкы күндөрүн коштоп кирип келген 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!Асылзаада айымдар күн сайын …

Толук окуу…