Нарында «Биз биргебиз!» аталыштагы акция жүрүүдө

3-декабрь – Майыптардын Эл аралык күнүнө карата Нарын облусунун аймагында иш-чаралар өткөрүлүүдө. 15-ноябрдан баштап 15-декабрга чейинки аралыкта облустун аймагында «Биз биргебиз!» аталыштагы бир айлык акция жарыяланган. Анын алкагында райондордогу, Нарын шаарындагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга арналган майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, мындан сырткары, аларга дайым  колдоо көрсөтүү менен бирге жакындан жардам берүү …

Толук окуу…

Көмүр баасы жөнгө салынууда

Өкмөткө караштуу монополияны жөнгө салуу агенттигинин Нарын облусундагы бөлүмү Нарын шаарындагы борбордук базарда жеке ишкерлер тарабынан сатылып жаткан көмүрдүн баасын жөнгө салууда. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизовдун тапшырмасына ылайык, Нарын шаардык мэриясы жана Өкмөткө караштуу монополияны жөнгө салуу агенттигинин Нарын облусундагы бөлүмү тарабынан  27-28-ноябрда …

Толук окуу…

Бюджеттик мекемелер көмүр отуну менен толук камсыз болду

2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилдерине Нарын облусунун экономика тармагына жана калкына жалпы керектелүүчү көмүр отуну 55 миң 174 тоннаны түзөт. Учурда бюджеттик мекемелер, тактап айтканда, билим берүү, саламаттыкты сактоо,  маданият, кесиптик билим берүү тармагы, ошондой эле жылуулук берүү ишканасы 100 % көмүр отуну менен камсыз болду. Облус аймагында элге көмүр отунун сатуучу …

Толук окуу…

Нарында прокуратура кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Бүгүн, 2017-жылдын 22-ноябрында, Нарын облустук прокуратурасынын имаратында Прокуратура кызматкерлеринин күнү белгиленди. Салтанттуу иш-чарада прокуратура кызматкерлери, облустук, шаардык жана райондук бийлик өкүлдөрү катышты. Алгач облустук прокурор Нурлан Дарданов кесиптештерин куттуктап, прокуратура кызматынын басып өткөн жолу жана жыл ичиндеги иш жыйынтыктары боюнча маалымат берди. Андан соң Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү …

Толук окуу…

Памирлик этникалык кыргыздар Нарын жергесинде адаптациядан өтүүдө

Ооган Ислам республикасынын Улуу Памир жана Кичи Памир жергесинен келген этникалык кыргыздар учурда окутулуп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Нарынга келип түшкөн памирликтер алгач 10 күн Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медициналык кароодон өткөрүлүп, 24-октябрда убактылуу, жергиликтүү шартка көнгүчө, Нарын районундагы Куланак айылына жайгаштырылган. №86 кесиптик лицейдин имаратында 18 жашка чейинки жана …

Толук окуу…

Нарында РИКтин XI отуруму өттү

Бүгүн, 2017-жылдын 17-ноябрында, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу Регионалдык инвестициялык Кеңештин (РИК) он биринчи отуруму өттү.         Отурумга РИКтин төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, КР өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвеститциялар боюнча Кеңешинин катчылыгынын экперти Бакыт …

Толук окуу…

А.Кайыпов АКШнын Убактылуу ишке ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцер менен жолукту

Бүгүн, 2017-жылдын 13-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцер менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө Алан Мельтцер Нарын облусуна расмий сапар менен биринчи ирет келип жатканын айтып, 2 күндүк иш сапарынын алкагында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) …

Толук окуу…

А.Кайыпов «Синогидро» ЖЧКсына ыраазычылык билдирди

Бүгүн, 2017-жылдын 9-ноябрында, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов «Синогидро» жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору Джао Цзюнь Вэй менен жолукту. Жолугушууда облус башчы аталган ишкананын Бишкек-Нарын-Торугарт авто каттамынын жол инфраструктурасын калыбына келтирүүдө аткарган иштерин белгилеп, аны менен катар коомдук иштерге активдүү катышып жатканын айтты. Джао Цун Вэй 2013-жылдан …

Толук окуу…

Нарында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү арасында спорттук мелдеш өттү

Бүгүн, 2017-жылдын 8-ноябрында, Нарын облусунун аймагындагы жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү арасында спорттук мелдеш өттү. Спорттук мелдешти Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов тарабынан уюштурулду. Мелдештин жобосуна ылайык даярданган командалар 7 оюндун түрү боюнча күч сынашты. Калыстар тобунун чечими менен …

Толук окуу…

Нарында «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө» карата комплекстүү иш-чаралар өттү

Бүгүн, 2017-жылдын 8-ноябрында, Нарын облусунун борборунда жана райондордо Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө» карата комплекстүү иш-чаралар өттү. Анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев, облустук, шаардык мекеме жетекчилери жана шаар тургундары катышты. …

Толук окуу…