Нарында сүттү кайра иштетүүчү завод ачылат

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов «Үмүт и Ко» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Кайрат Абдуллаев менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда аталган ишкананын Нарын шаарына сүттү кайра иштетүүчү заводдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Облус башчысы калктын басымдуу бөлүгү мал чарбасы менен алектенээрин маалымдады. Өкмөттүн тапшырмасына ылайык айыл чарба продукцияларын …

Толук окуу…

Нарын облусунун 2017-жылдын тогуз айына карата социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча облустук коллегиянын отуруму өттү

Бүгүн, 2017-жылдын 25-октябрында, Нарын облусунун январь-сентябрь айларга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча облустук коллегиянын отуруму өттү. Облустук коллегиянын отурумун  Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов алып барды. Анда реалдуу сектор боюнча өкүлдүн биринчи орун басары Касен Асизов жана социалдык тармактар боюнча өкүлдүн орун  басары Жаркын Ибраева маалымат берди. Облустун …

Толук окуу…

Нарында «Таза коом» маалыматтык күркөөлөрү иш алып барууда

2017-жылдын 19-октябрында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов «Таза коом» маалыматтык киоскторунун иши менен жеринде барып таанышты. Облус башчы Нарын районунун Учкун, Достук айылдарында болуп, маалыматтык киосктордо иш алып барып жаткан операторлор жана анда кайрылган кардарлар менен жолугуп, пикир алышты. Эми облус, район борборлоруна барып убара болбостон убактысын …

Толук окуу…

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты памирликтердин келиши менен куттуктады

Ата-бабалардын салтын улай Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Нарын облустук бириктирилген ооруканасында учурда медициналык кароодон өтүп жаткан памирлик кыргыздар менен учурашып барды. Ыйгарым укуктуу өкүл Аманбай Кайыпов жамааты менен биргеликте, бүгүн, 2017-жылдын 19-октябрында, жаш баладан баштап үй-бүлө башчыларына чейин ак калпак кийгизип, кыз-келиндерине жоолук салып, кыргыз элинин жөрөлгөсүн …

Толук окуу…

Нарында «Адам сатууга каршы 100 күндүк» акциясынын алкагында поэзия кечеси өттү

2017-жылдын 17-октябрында Нарын медициналык колледжинин студенттери тарабынан поэзия кечеси өткөрүлдү. Алгач адам эркиндиктерине чек коюлган терс көрүнүштөр боюнча видеоролик көрсөтүлүп, андан соң окуу жайдын студенттеринин калемине таандык коомдогу болуп жаткан көрүнүштөргө көз карашы, ой-тилектери камтылган ырларын Шаршенакунова Эльзат, Тынымсеитова Мээрим, Турганова Жайна, Марлис кызы Айымжан, Муктарбек кызы Гүлназ көркөм окуп …

Толук окуу…

Адам сатууга каршы флешмоб

Нарын шаарынын Смарт-парк, борбордук аянтында жана Жаштар үйүнүн алдында К.Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледжинин студенттери тарабынан флешмоб өткөрүлдү. Аталган иш-чара «Адам сатууга каршы 100 күндүк» акциясынын алкагында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана «НурЖолБер» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду. Акциянын максаты адам сатуу боюнча көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу жана адам …

Толук окуу…

А.Кайыпов памирлик кыргыздар менен жолукту

Учурда Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медициналык кароодон өтүп жаткан памирлик кыргыздар менен Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жолукту. Бүгүн, 2017-жылдын 15-октябрында, облус башчы памирликтер жайгашкан палаталарда болуп, ден-соолуктарынын абалын, санитардык-гигиеналык шарттар менен камсыздалышы боюнча пикир алышып, сунуштары, каалоо-тилектери болсо аткарууга даяр экенин билдирди. «13-октябрда кеч келип, жолдон …

Толук окуу…

Нарын облусунда добуш берүү жүрүүдө

  Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнү алгачкылардан болуп Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарындагы №4067 шайлоо участогунда добушун берди. Учурда Нарын облусу боюнча 167 шайлоо участогунда добуш берүү жүрүп жатат.  Нарын облусундагы айыл аймактарынын саны 63 жана 1 шаар бар. Ал эми жалпы участкалык шайлоо комиссияларынын саны 167 …

Толук окуу…

Нарында «Сармерден» оюну өттү

Адам сатууга каршы күрөшүүнүн 100 күндүк акциясынын алкагында М.Баетов атындагы Нарын райондук маданият үйүндө “Сармерден” оюну уюштурулуп, акциянын темасына ылайык  саламдашуу, макал-лакап атышуу, акыйнек, обондуу ырлар, жаңылмач айтышууну программасына камтыды. Калыстар тобу кыз-жигиттердин сөзүнүн мазмундуулугу, тапкычтыгы, обондуу ырлардын туура жана бурмаланбай так аткарылышы, ошондой эле сырткы көрүнүшү боюнча баасын берип …

Толук окуу…

Нарында ала качуу маселеси боюнча жолугушуу өттү

«Адам сатууга каршы күрөшүү 100 күндүк» акциясынын алкагында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан Нарын шаарындагы кыздар жатаканасында ала качуу жана анын кыз балдарга болгон таасирлери тууралуу жолугушуу өткөрүлдү. Мажбурлап никеге тургузуу,  эрте турмуш курган аялдар жана зордук-зомбулука туш болгон окуялары тууралуу  документалдык  фильмдер көрсөтүлдү.  Андан соң катышуучуларга …

Толук окуу…