ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАР УЛАНУУДА

Бүгүн, 10-апрелде башталган Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун Кочкор районуна болгон эл менен жолугушуусу уланууда.

Түшкө чейин Кочкор районунун маданият үйүндө 5 айыл өкмөттүн эли менен жолукса, түштөн кийин Кара-Суу, Талаа-Булак, Чолпон жана Мантыш айыл өкмөттөрүнүн эли менен Чолпон айылынын маданият үйүндө жолукту.

Облус башчысы Кочкор районун жетишкендиктерине жана кемчиликтерине токтолуп, райондун мындан ары өнүгүшүнө жапа тырмак аракет көрүүбүз керек- деди.

Элдин негизги суроо талабы таза суу, электр чубалгыларын жаңыртуу, жолдорду оңдоо, бала бакча жана мектеп салуу боюнча болду.

Калктын мүдөө-тилектери угулгандан соң, тиешелүү жетекчилер берилген суроолорго жооп берип, айрымдары облус жетекчиси тарабынан тапшырмаларды алды.

КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы

Leave a Reply