ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАР УЛАНУУДА…АТ-БАШЫ РАЙОНУ

Бүгүн, 25-сентябрда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү болуп Ат-Башы районуна иш сапар менен барды.

Анын алкагында Ат-Башы районундагы “Ат-Башы-Сүт” жана “Жанар и Бек” ишканаларынын иши менен таанышты. Себеби, “Регионду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата чакан жана орто ишкерликти колдоо максатында Өкмөт тарабынан жалпы республика боюнча 2 млрд сом бөлүнгөн. Ар бир облустан мыкты делген проектер сунушталат. Анын ичинде Нарындан да беш проект катышып, алардын ичинде аталган эки ишкана бар. Мына ушул ишканалардын иши менен таанышкан облус башчысы алардын алдыдагы иштерине ийгилик каалады.

Мындан соң, дубан жетекчиси райондогу Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Талды-Суу, Ак-Муз жана Ак-Моюн айыл аймактарынын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту.

Аталган айыл аймактарынын негизги көйгөйлөрү: көмүрдүн келүүсү кечтеп жатканы, Ат-Башы районуна курулуучу логистикалык борбордун иштери, жол, “КСК” спорт комплексинин азыркы мышык ыйлай тургандай абалы тууралуу айтылды.

Облус башчысы Эмилбек Алымкулов көйгөйлөрдү угуп, алардын айрымдарын жооп берди.
Көмүр көйгөйүн жеринен чечүү үчүн атайын “Кара-Кече” жана “Турук” кендерине барганын айтып, бюджеттик мекемелерге көмүрлөр тартылып бүтүп калганын, ал эми элге акырындап келе баштаганын айтты. Жыл сайын айыл-аймактардын жолдор оңдолуп, шагылдар төгүлүп, айыл ичтери асфальттанып жатканын кошумчалады. Ал эми “КСК” спорт комлексин оңдоп-түзөө иштерине 22 млн сомдук тендер жарыяланып, аны “Ат-Башы жаштары” курулуш ишканасы утканын, иштер жакынкы күндөрү башталарын баса белгиледи.

Кийинки эл менен жолугушуу Казыбек айылында орун алды. Айылга келген Эмилбек Алымкулов мектептин, бала бакчанын, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттарын карап чыгып, кышка даярдыгын текшерди. Аталган мекемелердин ичинен билим уясындагы ар бир бөлмөгө камера орнотулгандыгы, заманбап компьютер менен камсыз болгону мактоого татырын баса белгиледи.

Айылга көмүр сакталуучу топ база уюшулуп, учурда 70 тонна көмүр түшүрүлгөн. Бул жерге барган дубан жетекчиси быйыл көмүрдүн баасы 3500 сомдон ашпоосун тапшырды.

Мындан соң, аталган айылдагы маданият үйүндө Ак-Талаа, Кара-Суу жана Кара-Коюн айыл аймактарынын тургундары менен жолугушту.

Таанышуу ирээтинде келгенин айткан облус башчысы жолугушууга катышкан тургундардын суроо-талабын угуп, айрымдарына жооп берди.

Алардын катарында айылдагы эң негизги таза суу жана суугат суу маселелери, жер, жайыт көйгөйдөрү көтөрүлдү. Суроолорго жооп берип жатып облус башчысы Эмилбек Алымкулов таза суу маселесине кенен токтолду. Бул маселелер өкмөткө сунушталып жатканын, өлкөнүн өнүгүү стратегиясына кирип, “Суу ресурстарын жөнгө салуучу агентик” түзүлгөнүн айтты. Ушул агенттик аркылуу бир топ маселелер чечилип жатканын билдирди.

КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратанын басма сөз кызматы

Leave a Reply