ОБЛУС БАШЧЫСЫ АМАНБАЙ КАЙЫПОВ СОЛТОН-САРЫГА БАРДЫ

Бүгүн, 17-июлда облус башчысы Аманбай Кайыпов тиешелүү кызматтын өкүлдөрү менен Солтон-Сарыга барды.

Облус башчысы менен борбордон КРнын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жунушев Жолдошбек, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору Исаков Төлөнбай, Өкмөттүн ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Исаков Кумарбек, КРнын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү Жолонбаев Мырза жана мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба департаментинин
директору Рустамов Абыкалык келди.

Алгач ал жерге барган кызматтын өкүлдөрү чогулган эл менен өздөрүн тааныштырып, ар бири өз тармагы боюнча маалымат берди.

Өкмөттүн ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Исаков Кумарбек өлгөн малдан экспертизадагы жыйынтыгы он күндүн ичинде чыгарын айтты.

Мындан сырткары суудан, жерден дагы анализдер алынып, алардын жыйынтыгы жакынкы арада чыгары белгилүү болду.

Дубан жетекчиси Аманбай Кайыпов менен чогу келген кызмат өкүлдөрү жардыруу болуп жаткан жерге да барышты. Ал жерде эч кандай ден-соолукка зыяны тийген заттар колдонулбаганы белгилүү болду.

Буга чейин коомчулукка талкуу жаратып келген “Алтын казылып, иштетилип жатат” деген маалыматты ошол жерде иштеп жаткан миң-булактыктар тарабынан төгүндөлдү.

Чогулган эл Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыповго эки талап койду:
1. Солтон-Сарыдагы кытайлык компания 15 күн иштебей турсун. Ал убакта өз алдынча эксперт жалдап текшерүү;
2. Же болбосо кытайлык компаниянын ишмердүүлүгүн таптакыр токтотуу;

Бул талапты дубан жетекчиси Аманбай Кайыпов угуп, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге айтып, жакынкы арада жообун берерин айтты.

КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы

 

Leave a Reply