Нарын шаарынын инфраструктурасы жакшырды

“Нарын шаарынын инфраструктурасы жакшырды!”- мына ушундай сөздү дубан башчысы шаардын коллегиялык жыйынында баса белгиледи.

Баарыбызга белгилүү болгондой 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы”-деп билгиленген. Ушуга улай шаарыбызда бир топ жакшы жакка өзгөрүүлөр болду. Маселен, борбордук көчөөнүн эки тарабына тең түнкү чырактар орнотулду. Жээктерине ар кандай кооз гүлдөр тигилди. Ички көчөөлөрдүн айрымдары асфальтталды. Бир топ тармактын кызматкерлерине арналып көп кабаттуу батирлер салынды.

Муну менен катар, 2018-жылы Нарын шаарынын 150 жылдыгы чоң салтанат менен өткөрүлдү.

л эми  шаарыбыздын өнүгүшүн бир аз аксаткан билим берүү  жана медицина тармагы болуп эсептелинет. Андыктан, облус жетекчиси Аманбай Кайыпов ушул кызматтын жетекчилерине катуу эскертүү берип, керектүү чараларды көрүүсүн талап кылды.

Leave a Reply