Нарын облусу хоккейдин башаты болуусу керек

Бүгүн Нарын шаарында жайгашкан Токтосунов Ташболот атындагы муз аянтчасында жыл сайын өткөрүлүүчү  “Токтосунов Ташболоттун кубогугуна” 3 команда катышты. Алар, “Ат-Башы”, “Нарын” жана “Кеңеш” курама командалары. Буга чейинки турнирлерге  республиканын бир катар региондорунан, коңшу Казакстандан жана Оруссиядан командалар келип, күч сынашып кетишкен.

Мына ушул кубоктун ачылышына Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов, спорт ардагери Асанбеков Имаш, Нарын хоккей федарациясынын президенти Нурбек Ташболот уулу жана башкалар катышты. Алгачкы сөздү дубан башчысы баштап: “Бүгүнкү катышып жаткан командаларга ийгилик каалап, Нарын облусу хоккейдин башаты болуусу керек”-деген изги тилегин билдирди.

Баса белгилеп айтып койчу нерсе, Нарында хоккейдин өнүгүүсү үчүн атайын Орусиядан жана Чехиядан тренерлерди алып келишкен. Учурда, жаш жеткинчектерди алдыдагы оюндарга машыктырып жаткан чагы.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты

 

 

Leave a Reply