Нарын облусу алдыга чыкты

Кыргыз Республикасынын Президентинин региондорду өнүктүрүү тууралуу Жарлыгы чыккандан бери Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов бир топ алгылыктуу иштерди жасады. Алардын бири 15-мартта борбор калаада “Теңир-Тоо” эл аралык кызматташуу форуму болуп өттү. Ага, КРнын вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, 37 мамлекеттен келген элчилер менен уюмдар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Форумдун негизги максаты Нарын облусун өнүктүрүү үчүн чет элдик инвесторлорго инвестициялык проектер сунушталып, алардын бир нечеси форумда тааныштырылды.

Мындан сырткары, облуста жасалуучу иштердин баардыгын топтоп, атайын бир китепче жасап, алар элчилер менен уюмдарга берилди.

Буга чейин Нарын жергесинде иш алып барып келген жана бул форумду уюштурууга көмөкчү болгон Ага-Хан уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Шамш Кассим-Лакха, “Кайрымдуу Катар” уюмунун өкүлү Осама Турами жана Индиянын  элчиси Алок Амитабх Димри сөз сүйлөдү. Алар, Нарын жергеси кооз жана көркөм, ал эми эли меймандос, иш билги экенин айтып, кызматташууга чакырды.

Форумдун соңунда, келген меймадар жылуу жүз менен кайтып, сөзсүз кызматташууга дилгир экенин билдиришти.

Жакынкы арада бул форум жемиштүү болуп, Нарын жергесине өз пайдасын алып келет деген ишеничтебиз.

Эске сала кетсек, мындай эл аралык кызматташуу форуму 2-ирээт Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов тарабынан өткөрүлдү.

КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы

Leave a Reply