Кочкор районунда жаңы мектеп ачылды

22-ноябрда Кочкор районунун Комсомол айылындагы Сагындык Өмүрбаев атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди.

Билим уясынын ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, коомдук ишмер Айгүл Рыскулова, айылдын ардактуу аксакалы Асанаалы Көчөрбаев куттуктоо сөз сүйлөп, бул жерде билим алып жаткан жаш жеткинчектерге жана педагогикалык жамаатка ийгиликтерди каалашты.

“Билим берүү мекемелери – бул таланттардын ордосу жана акыл кенчи.
Бүгүн дагы бир жалпы билим берүү мекемеси ачылууда. Мен ушул жайдан өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо турган көп патриоттор – келечектеги технологдор, инженерлер, IT-адистер өсүп чыгарына ишенем. Мамлекет жарандардын ден соолугуна кам көрүү жана балдарга сапаттуу билим берүү үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап жатат. Биздин максат – бул билимдүү жана дени сак балдар”, – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчысы муну менен катар мектептерге өз кесиби боюнча шыгы барлардын келиши үчүн мугалимдер арасындагы атаандаштык чөйрөсүн жандандыруу керектигин белгиледи.

Салтанаттуу иш чарада Мухаммедкалый Абылгазиев мектепке 5 комплект компьютер белек кылды.

Белгилей кетсек, С. Өмүрбаев атындагы орто мектеп 3 корпустан турса, анын 1-2-корпустары 2006-жылдын декабрь айындагы жер титирөөнүн кесепетинен авариялык абалга туш келген.

2016-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин капиталдык салымдар беренеси аркылуу бөлүнгөн каражаттын негизинде сметалык наркы 51 миллион сомдук 225 орундуу мектеп имаратынын курулуш иши башталып, бүгүн эшигин ачты.

Курулуш ишин “ЭМГ-Строй” курулуш компаниясы жүргүздү.

Учурда заманбап билим берүү мекемесинде бардык шарттар түзүлгөн. Мектептеги 393 окуучуга 35 мугалим сабак берет.

Премьер-министр бул күнү Дөң-Алыш айылындагы К.Мамбеталиев, Кара-Мойнок айылындагы И.Абылазиев, Мантыш айылындагы Т.Курткаев, Көк-Жар айылындагы Т.Усубалиев атындагы орто мектептерде да болуп, мугалимдер жана окуучулар жамааты менен баарлашты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы.

Leave a Reply