Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар талантын эл назарына салды

Эл аралык майыптар күнүнө карата Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен биргеликте даярдалган «Биз биргебиз!» аттуу концерттик программа тартууланды.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тагдырдын сыноосуна баш ийип калбастан, аракети менен ар бир тармакта үзүрлүү эмгектенип, алты саны аман адамдарга үлгү болгондор бар экенин белгиледи. Коомчулуктун аялуу катмарына сабырдуулукту каалап, катардагы жарандардан баштап, бийлик өкүлдөрүнө чейин бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланып жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле облус башчы көп жылдан бери майыптар менен иш алып барган бир катар коомдук уюмдардын жетекчилерине Ардак грамота жана Ыраазычылык кат тапшырды.

Иш чарада шаар, район жетекчилери куттуктоо жолдошуп, сыйлыктарын тапшырды. Ал эми облустук, шаардык, райондук мекемелер даталуу күндүн уюштурулушуна көмөк көрсөттү.

Программаны жүрүшүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар маданият кызматкерлери менен биргеликте обондуу ырларды ырдап, көркөм окуп, бийлерди аткарышты.

Маалымат үчүн:

Нарын облусу боюнча жалпы 11 миң 456 майып адам бар. Анын ичинен социалдык фонд башкармалыгында каттоодо турган майыптардын саны – 6342, социалдык өнүгүү башкармалыктарында каттоодо турган майыптардын саны – 5114.

Ал эми  18 жашка чейинки майып балдар 1802 болсо, тубаса шал оорусу (ДЦП) менен ооруган 324 адам катталган. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар облуста жалпы калктын 4% түзөт.

Leave a Reply