КРнын мамлекеттик кызматчысынын этикасынын негиздери жонундо Жобо

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2001-жылдын 9-январындагы N 11

Указы менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын

этикасынын негиздери жөнүндө

ЖОБО

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин

2002-жылдын 23-октябрындагы ПУ N 288 Указынын

редакциясына ылайык)

 

  1. Жалпы маселелер

 

  1. Мамлекеттик кызматчылардын этикасынын негиздери жөнүндөгү бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан. Бул Жобо мамлекеттик кызматчылардын жүрүм-турумунун белгиленген нормаларынын сакталышын колдоого алуу, аларга берилген укуктардан кыянаттык менен пайдалануусуна байланыштуу тескери көрүнүштөрдү алдын алып болтурбоо үчүн алардын иш-аракеттерине белгилүү бир чектөөлөрдү киргизүү максатын көздөйт.

Бул Жобо Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында колдонулат.

  1. Мамлекеттик кызматчылардын жүрүм-турум нормалары “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясына ылайык мамлекеттик кызматты өтөөгө байланыштуу жоболорго негизделет.

Ар бир мамлекеттик орган Мамлекеттик кызматчылардын этикасынын негиздери жөнүндөгү жобонун базасында өз иш-аракеттеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өздөрүнүн кесиптик этикасынын Кодексин кабыл алышат.

  1. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

– мамлекеттик кызматчынын этикасы – мамлекеттик кызматчынын кызматтык жүрүм-турумун жана өз ара мамилесин жөнгө салуучу нормалардын системасы (жыйындысы);

– тартуулоо-өз кызмат абалынан пайдалануу менен аракети же аракетсиздиги үчүн ыраазычылык иретинде белектерди, буюмдарды, кызмат көрсөтүүлөрдү алуу же берүү. Тартуулоо көңүл ачууну уюштурууга жеңилдик берүү, санаторийлик же туристтик жолдомо, жол жүрүүгө билет берүү, ремонттук, калыбына келтирүүчү, курулуш иштерин аткаруу ж.б.түрүндө көрүнүшү мүмкүн;

– тартуулоонун рыноктук баасы-тартууга берилген товардын же кызмат көрсөтүүнүн бул товар же кызмат рынокто сатып алынган учурдагыдай жыйынтык баасы;

– кызматтык маалымат – мамлекеттик кызматчы өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу билген жана жышырын сыр болгон маалыматтар;

– акы төлөнүүчү иш-аракет – келишимдик негизде аткаргандыгы үчүн киши акысын алуучу ар кандай иштер;

кызыкчылыктардын кагылышы – мамлекеттик кызматчы өз иш-аракетинин натыйжасында үчүнчү тараптан тартуу алгандагы же пайда көргөндөгү жана анын мамлекеттик органдын же айрым жарандын же бүтүндөй коомдун кызыкчылыктарына карама-каршы келгендеги кырдаал.

  1. Мамлекеттик кызматчылардын жүрүм-турумунун этикасынын негизги принциптери.

Мамлекеттик кызматчылар төмөнкүлөргө жасабоого милдеттүү:

– мамлекеттик маалыматты кыянаттык менен пайдаланууга, ошондой эле ким тарабынан болбосун андай маалыматты пайдалануусуна жол бербөөгө;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү максаттарды көздөбөөгө, ошондой эле тигил же бул адамга же юридикалык жакка мыйзамсыз жардам көрсөтүүгө;

– мамлекеттик органдарды аткарууга милдеттендирген макулдашылбаган же ыйгарым укук берилбеген милдеттенмелерди жана убадаларды берүүгө;

– өз кызмат абалын өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн, досторунун, туугандарынын же башка адамдардын кызыкчылыгындагы максатта пайдаланууга;

– өзүнүн кол алдындагы же башка адамдарга кысым көрсөтүү же мажбурлоо аркылуу өзүнө, досторуна, туугандарына, тааныштарына финансылык же башкача жеңилдиктерди берүүнү талап кылууга;

өз кызмат абалын же кызмат ордун, ошондой эле өзүнүн мамлекеттик кызматына байланыштуу ар кандай ыйгарым укуктарды өзүнүн туугандарын, досторун, жердештерин колдоо же кызматынан жогорулатуу үчүн же алардын кызыкчылыктарын башкача түрдө колдоо үчүн пайдаланууга.

Мамлекеттик кызматчы мамлекеттик кызматын токтоткондон кийин бир жыл ичинде мурдагы иштеген жерине өзүнүн компетенциясына кирүүчү жана азыркы учурда ал үчүн кызыкчылыгы болгон маселе боюнча кайрыла албайт.

 

  1. Мамлекеттик кызматчынын укуктары менен

милдеттеринин негиздери

 

  1. Этиканын нормаларын сактоо ар бир мамлекеттик кызсматчынын милдети болуп эсептелет жана анын аткаруучу милдеттеринин тиешелүү регламенти менен бекитилет.

Этикага ылайык мамлекеттик кызматчы өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда төмөнкүлөргө милдеттүү:

– өз иш-аракеттеринде кызыкчылыктардын кагылыштарын болтурбоого;

– өзүнө белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу же мамлекеттик каражаттардын максаттуу эмес пайдаланылышы жөнүндөгү фактылар тууралуу тийиштүү мамлекеттик органдарга билдирүүгө;

– жалпы кабыл алынган адептүүлүк-этикалык нормаларды сактоого, элдердин каада-салттарына сый мамиле жасоого;

– ким тарабынан болбосун, анын ичинде ээлеген кызмат ордуна же кызмат абалына карабастан өзүнүн кызматтык иш-аракеттерине мыйзамсыз таасир этүүгө жол бербөөгө.

  1. Мамлекеттик кызматчы мамлекеттик органда кабыл алынган кесиптик этика Кодексин тутууга милдеттүү; анда төмөнкүлөр чагылдырылат:

– мамлекеттик кызматчынын мамлекеттик органдагы жүрүм-турум эрежелери;

– кесиптик этиканын эрежелери;

– мамлекеттик кызматчынын жарандар менен болгон мамилесинин эрежелери.

Мамлекеттик кызматчынын кесиптик этикасынын Кодекси анын конституциялык укуктарын кысымга алууга, жеке турмушунун маселелерине кийлигишүүгө, ошондой эле ушул Жобого карама-каршы келүүгө тийиш эмес. Төмөнкү айлык акы мыйзамсыз же этикага жатпаган иш-аракеттерди жасоону актабайт.

  1. Мамлекеттик кызматчынын кесиптик этикасынын Кодексине байланыштуу чектөөлөр. Мамлекеттик кызматчынын төмөнкүлөргө укугу жок:

– педагогикалык илимий жана чыгармачыл иштен башка иштер менен алектенүүгө;

– жеке ишкердик кылууга, ошондой эле өзүнүн кызмат абалын ар кандай түрдөгү сыйлык акы алуу менен адамдарга же юридикалык жактарга алардын ээлик кылуу ишкердигин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн пайдаланууга;

– өзү иштеген же түздөн-түз өзүнө баш ийген же контролдугунда болгон мамлекеттик органда үчүнчү жактардын ишине өкүлчүлүк кылууга;

– материалдык-техникалык, финансылык же маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын, кызматтык транспорт каражаттарын, башка мамлекеттик мүлктү же кызматтык маалыматты кызматтык эмес максатта пайдаланууга;

– адамдардан же юридикалык жактардан өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу аракеттери же аракетсиздиги үчүн тартуу, акча же кызмат түрүндө сыйлык акы алууга;

– иш таштоолорго, манифестацияларга катышууга же башкача иш-аракеттери менен мамлекеттик органдардын иштешине жана мамлекеттик кызматчынын өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруусуна тоскоолдук кылууга;

– өзүнүн кызматтык иш-аракеттерине байланыштуу саясий партиялардын жана диний уюмдардын иш-аракеттерине катышууга;

– өзүнө жакын туугандыгы бар адамдардын (ата-энесинин, жубайынын, ага-инисинин, эже-карындаштарынын, балдарынын) кол алдында же контролдугу астында болгон мамлекеттик органдардагы мамлекеттик кызматтарда иштөөгө.

  1. Мамлекеттик кызматчыга тартуу алууга тыюу салынат.

Ушул Жобого ылайык кабыл алынууга тийиш болбогон тартууну алган мамлекеттик кызматчы, эгерде тартуу ички ведомстволук жоболорго ылайык кабыл алынбаса, төмөнкүлөргө милдеттүү:

– тартууга алынган ар кандай буюмду берген кишиге кайтарып берүүгө же анын рыноктук баасын төлөп берүүгө;

– бузулуп калышына же башка себептерге байланыштуу кайтарып берүүгө мүмкүн болбогон учурда тийиштүү мамлекеттик уюмдун жетекчисинин кароосу боюнча ал буюмду тийиштүү уюмга (кайрымдуулук уюмуна, музейге, китепканага ж. б.) өткөрүп берүүгө;

– ар кандай көңүл ачуулар, кызматтар же башка ажыралгыс буюмдар үчүн белек берүүчүгө рыноктук баасынын ордун толтуруп берүүгө. Мамлекеттик кызматчынын жооп кылып жасаган ушуга окшогон акциясы анын наркынын ордун толтуруп берүү деп эсептелбейт;

Мамлекеттик орган мамлекеттик кызматчы мамлекеттин эсебинен кабыл алган тартуудан кутулуу же аны кайтарып берүү жөнүндө буйрук чыгар алат.

Мамлекеттик кызматчы төмөнкү учурларда тартууну кабыл ала алат:

– бул иш-чара өзүнүн расмий ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу болсо;

– ишке байланыштуу эртең мененки (түшкү же кечки) сый тамакка же жолугушууга баруу мамлекеттик кызматчынын расмий милдеттеринин бир бөлүгү болсо;

– тартуу эстелик катары же сый көрсөтүү иретинде берилсе;

– эгерде аны алуудан баш тартуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекет менен мамилелеринин бузулушуна алып келе турган болсо.

  1. Этика боюнча комиссия ар бир мамлекеттик органда мамлекеттик кызматчылардын ичинен түзүлөт. Комиссия мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышына, мамлекеттик кызматчылардын этикалык нормаларды сакташына туруктуу контролдук жүргүзөт.

Мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата жогоруда аталгандай контроль Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик кызматчылардын этикасынын маселеси боюнча Комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик кызматчылардын этикасынын маселеси боюнча Комиссиясы белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:

– мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышына контролдук кылуу;

– мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышынын маселеси боюнча мамлекеттик органдардын ишин текшерүү;

– башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин текшерүү жүргүзүүгө тартуу;

– өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдар менен уюмдардан, кызмат адамдарынан суратуу жана алуу;

– мыйзамды бузуу менен кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына сунуш киргизүү;

– мамлекеттик органдардын этика боюнча комиссияларынан аткарылган иш жөнүндө ар кварталдык отчетту суратуу.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 23-октябрындагы ПУ N 288 Указынын редакциясына ылайык)

  1. Адамдар менен мамиле жасоодо, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда жана кызматтан тышкаркы мамилелеринде мамлекеттик кызматчы жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин тутууга, өзүн татыктуу алып жүрүүгө милдеттүү.

Мамлекеттик кызматчы сылык-сыпаалыгы, сабырдуулугу, принциптүүлүгү, маселенин түпкү өзөгүн терең билүүгө умтулуусу, сүйлөшүп жаткан адамды уга жана анын позициясын кабыл ала билүүсү, ошондой эле чечим кабыл алуудагы калыстыгы жана жүйөөлүүлүгү менен айырмаланып турууга тийиш.

Комиссиянын төрагасы бир эле учурда мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышына контролдук жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдын жооптуу адамы болуп саналат.

Мамлекеттик кызматчы башка мамлекеттик кызматчылар тарабынан этиканын нормаларынын бузулушуна кайдыгер калбоого тийиш.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 23-октябрындагы ПУ N 288 Указынын редакциясына ылайык)

 

III. Мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик

кызматчылардын этикасы жөнүндөгү мыйзамдардын

сакталышына контролдук кылуучу органдар

 

  1. Мамлекеттик кызматчылардын этикалык нормаларды тутуусуна контролду Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары- Президенттин Администрациясы) мамлекеттик кызмат маселелерине жооптуу тиешелүү структуралык бөлүмү, ошондой эле ар бир мамлекеттик органда мамлекеттик кызматчылардын ичинен түзүлүүчү этика боюнча Комиссиялар ишке ашырат.

Президенттин Администрациясы бардык мамлекеттик органдардын этика боюнча Комиссияларынын иш-аракеттерин координациялайт.

– мамлекеттик кызмат жана кесиптик этика жөнүндөгү мыйзамдарды

мамлекеттик кызматчылардын сакташына контролдук жүргүзөт;

– мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышынын маселеси боюнча мамлекеттик кызматчылардын ишин текшерет;

– өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды мамлекеттик органдар менен уюмдардан жана кызмат адамдарынан суратат жана алат;

– мыйзамды бузуу менен кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө мамлекеттик органдарга же кызмат адамдарына сунуш киргизет.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 23-октябрындагы ПУ N 288 Указынын редакциясына ылайык)

  1. Мамлекеттик кызматчынын этикасынынын мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бузулушунун маселелери Президенттин Администрациясында квартал сайын каралат.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 23-октябрындагы ПУ N 288 Указынын редакциясына ылайык)

  1. Этика боюнча Комиссиянын мүчөлөрү мамлекеттик органдын кызматкерлери тарабынан мамлекеттик кызматчылардын ичинен шайланат.

Кызматкерлердин жалпы чогулушу мамлекеттик органдын аппаратында иштеген кызматкерлердин үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу деп эсептелет.

Этика боюнча Комиссиянын мүчөлөрү мамлекеттик органдын кызматчыларынын жалпы чогулушуна катышкан мамлекеттик кызматчылардын ичинен түздөн-түз жашырын добуш берүү аркылуу шайланат.

  1. Этика боюнча Комиссиянын мүчөлөрү төраганы шайлашат. Мамлекеттик органдын жетекчиси, анын орун басары этика боюнча Комиссиянын курамына кызматы боюнча киришет: бирок этика боюнча Комиссиянын төрагасы боло алышпайт. Этика боюнча Комиссиянын төрагасы этика боюнча Комиссияда иштеген ишине байланыштуу этика боюнча Комиссиянын тиешелүү макулдугу болмоюнча кызматынан бошотулушу мүмкүн эмес.

Этика боюнча Комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы 191 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын камсыз кылуу жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндөгү” Указы менен бекитилген “Кыргыз

Республикасында мамлекеттик кызматчыларды аттестациядан өткөрүү тартиби жөнүндөгү жобого” ылайык түзүлгөн мамлекеттик органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын мүчөсү болуп эсептелет.

  1. Этика боюнча Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, ыйгарым укуктуу деп эсептелет.

Этика боюнча Комиссиянын чечимдери жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн добуштарынын көпчүлүгү менен жашырын же ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.

Добуштар бирдей болуп калган учурда кайталап добуш берүү өткөрүлөт. Ачык добуш берүүдө Этика боюнча Комиссиянын добуштары бирдей болуп калган учурда төраганын пикири чечүүчү болуп эсептелет.

Этика боюнча Комиссиянын жыйналыштарында проткол жазылат: аны этика боюнча Комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайлануучу катчы алып барат.

  1. Мамлекеттик органдын этика боюнча Комиссиясы төмөнкүлөргө укуктуу:

– териштирүү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик кызматчыдан анын тартиптик жосун жасашынын кырдаалы жөнүндө түшүнүк кат жазып берүүнү талап кылууга;

– мамлекеттик кызматчы тарабынан жасалган тартип бузуунун кырдаалын объективдүү, толук жана ар тараптан тергөөгө багытталган иш-аракеттерди аткарууга;

– мамлекеттик органдын жетекчисине этика маселелери боюнча жана мамлекеттик кызматчыларга карата тийиштүү чара көрүү жөнүндө сунуштарды берүүгө;

– Мамлекеттик кызматчынын Кесиптик этикасынын Кодексин иштеп чыгууга жана аны Президенттин Администрациясына бекитүүгө берүүгө.

  1. Этика боюнча Комиссия мамлекеттик органдын жетекчиси менен бирдикте мамлекеттик кызматчылардын адептүүлүк дөөлөттөрүн калыптандыруу, кызмат адамдарынын жана мамлекеттик кызматчылардын коррупция фактыларын алдын алуу боюнча максаттуу иш алып барат.

Этика боюнча Комиссия мамлекеттик кызматчынын Кесиптик этикасынын Кодексинин бузулушун токтотууга тийиш.

Этика боюнча жобо этика боюнча Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири тарабынан бузулган учурда ал кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан учурда Комиссиянын курамынан чыгарылат.

  1. Өз жыйналыштарында Комиссиянын мүчөлөр мамлекеттик кызматчылар тарабынан этика боюнча жобонун сакталышынын маселелерин карашат.
  2. Этика боюнча Комиссия жыл сайын Президенттин Администрациясынын алдында аткарылган иштер боюнча отчет берет.

Комиссиянын болушу мамлекеттик органдын жетекчисинин өзүнүн карамагына берилген органда этикалык жүрүм-турумду камсыз кылуу жоопкерчилигинен өзүнөн өзү четтөөсүнө мүмкүндүк бербөөгө тийиш. Этикалык талаптарды сактоо – бардыгынын жана ар биринин милдети.

 

  1. Мамлекеттик кызматчылардын тартиптик жоопкерчилиги.

Кызматтык териштирүү.

 

  1. Мамлекеттик кызматчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартип, администрациялык, материалдык жана кылмыш жоопкерчилигин тартат.

Тартип жоопкерчилиги деп ушул Жободо каралган мамлекеттик кызматчыга кызматтык жосундары үчүн салынган тартиптик жаза чаралары түшүнүлөт.

  1. Мамлекеттик кызматчылардын мамлекеттик кызмат өтөшү менен байланыштуу белгиленген милдеттерди жана чектөөлөрдү бузушу кызматтык жосун деп таанылат.
  2. Кызматтык жосун жасагандыгынын фактысы аныкталганда жана ырасталганда мамлекеттик кызматчы эгерде анын аракеттеринде кылмыштын белгилери камтылбаса ушул Жобо менен белгиленген тартипте тартип жоопкерчилигин тартат.
  3. Кызматтык териштирүү мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан өз алдынча жана этика боюнча Комитеттин сунуш боюнча төмөнкү учурларда дайындалат:

– мамлекеттик кызматчы өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгынын же талаптагыдай эмес аткаргандыгынын фактысы аныкталганда;

– “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясында белгиленген чектөөлөрдү сактабаганда;

– кесиптик этика Кодексин бузганда.

Кызматтык териштирүү мамлекеттик органдын этика боюнча Комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.

  1. Чечимде мамлекеттик кызматчы эмгек акысын сактап калуу менен териштирүү жүргүзүлүп жаткан учурда ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетиле тургандыгы көрсөтүлөт. Эгерде кызматтык териштирүү мамлекеттик кызматчынын талабы боюнча дайындалган болсо, анда ал ээлеген кызмат ордунан четтетилбейт.
  2. Мамлекеттик кызматчынын кат жүзүндөгү түшүнүк берүүдөн баш тартышы кызматтык териштирүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылбайт. Түшүнүк берүүдөн баш тартуу жөнүндө этика боюнча Комиссия акт түзөт.
  3. Кызматтык териштирүү мамлекеттик кызматчы милдеттерди жана чектөөлөрдү бузгандыгы аныкталаары менен, бирок андай жагдай аныкталган күндөн баштап бир айдан кечиктирбестен дайындалууга тийиш.

Кызматтык териштирүүнүн мөөнөтү эки айдан ашпоого тийиш. Аталган мөөнөттүн аякташы кызматтык териштирүүнү токтотуу үчүн негиз болуп саналат.

Кызматтык териштирүү мамлекеттик кызматчынын талабы боюнча да дайындалат.

  1. Дайындалган кызматтык териштирүү аяктагандан кийин этика боюнча Комиссия бардык жагдайды баамдап көрөт, жүргүзүлгөн кызматтык териштирүү жөнүндө маалымкат жазат жана аны кызматтык териштирүүнүн материалдары менен бирге биротоло чечим кабыл алуу үчүн мамлекеттик органдын жетекчисине сунуш кылат.
  2. Кызматтык териштирүү жөнүндө маалымкатта төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:

– кызматтык териштирүү качан, кайда, ким тарабынан жана кимге карата жүргүзүлгөндүгү;

– кызматтык териштирүү дайындоого эмне негиз болгону;

– мамлекеттик кызматчы жасаган укук бузуу фактысынын аныктоо жагдайы;

– кызматтык териштирүү жүргүзүү жөнүндө этика боюнча Комиссиянын зарыл материалдар менен ырасталган тыянагы.

  1. Жүргүзүлгөн кызматтык териштирүү тарабынан мамлекеттик кызматчынын аракети же аракетсиздиги менен тартиптик жоопкерчиликке тартууга негиз болгон жосун жасалгандыгы ырасталган учурда мамлекеттик органдын жетекчиси аталган ишти токтотуу зарылчылыгы жөнүндө мамлекеттик кызматчыга кат жүзүндө эскертет.

Мамлекеттик кызматчы жогоруда көрсөтүлгөн ишин эскертүү алгандан кийин да улантышы ага тартип жазасын берүүгө алып келет.

  1. Буйрукта кызматтык териштирүү менен аныкталган тартип жазасын салууга негиз болгон жагдай көрсөтүлөт.
  2. Мамлекеттик кызматчыларга “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынына ылайык тартип жазасы колдонулат.
  3. Президенттин Администрациясы өз демилгеси менен бардык мамлекеттик кызматчыларга карата кызматтык териштирүү жүргүзүүгө, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан кызматтык териштирүү боюнча мамлекеттик органдан материалдарды талап кылууга укуктуу.

 

  1. Тартип жазасын берүү процесси

 

  1. Мамлекеттик кызматчы тарабынан кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы, мамлекеттик кызматчынын жүрүш-туруш жана этикалык эрежелерди бузушунун жагдайлары табылган учурда мамлекеттик органдын жогору турган кызмат адамы ушул Жободо көрсөтүлгөн аракеттер жасалгандан кийин тартип жазасын козгоо жөнүндө буйрук чыгарат. Тартип жазасын козгоо жана кызматтык териштирүү жүргүзүү үчүн адамдардын жана юридикалык жактардын каты, даттануулары жана арыздары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын макалалары негиз болот.
  2. Мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан тартип жазасы төмөнкү учурларда токтотулат:

– мамлекеттик кызматчынын жосун жасагандыгынын фактысы ырасталбаганда;

– ушул Жобо менен белгиленген тартип жоопкерчилигине тартуу мөөөнөтү бүткөндө;

– эгерде жасалган жосунда кылмыштын белгилери байкалса.

  1. Тартип жазасы жосун жасагандыгы аныкталары менен, бирок ал аныкталгандан бир айдан кечиктирбестен колдонулат. Бул мөөнөткө мамлекеттик кызматчынын ооруган же анын отпускада болгон убактысы кошулбайт.
  2. кызматтык териштирүү жүргүзүү мезгилине ушул Жобонун 33-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт да киргизилбейт.
  3. Тартип жазасы жосун жасалган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин салынышы мүмкүн эмес.
  4. Эгерде мамлекеттик кызматчыга бир жыл ичинде башка тартип жазасы колдонулбаса шыдыр эле жоюлат. Тартип жазасы колдонулган мезгилдин ичинде кызматкерге карата сыйлоо чаралары колдонулбайт.
  5. Тартип жазасы мамлекеттик кызматчынын түздөн-түз жетекчисинин өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал жазаны колдонгон кызмат адамынын жеке демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда алынышы мүмкүн. Тартип жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салуу жөнүндө тийиштүү чечим чыгарылат.

 

  1. Корутунду жоболор

 

  1. Мамлекеттик кызматчы тартип жазасын салуу менен макул болбогон учурда ал мындай жаза салуу жөнүндөгү жетекчинин чечимине Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик кызмат маселелери үчүн жооптуу структуралык бөлүмгө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жогору турган кызмат адамына даттана алат.

Comments are closed