Милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы кесиптик майрамын белгиледи. Нарын шаарындагы Жаштар үйүнүн залында өткөн салтанатка  Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов катышып тартип сакчыларын куттуктады. Кыргыз милициясынын 94 жылдык иш тажрыйбасындагы коомдук коопсуздукту сактоодогу ордуна токтолуп, калктын тынчтыгын жана тартипти көзөмөлдөөдөгү милдеттерин аткарып жаткан кызматкерлерге ден-соолук, үй-бүлөлүк бакубат турмуш каалады. Ошондой эле милициянын эмгек алдыңкыларына Ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамотасын тапшырды.

 

Leave a Reply