Маданий алака түзүлдү

Бүгүн, 11-мартта, Нарын шаарында облус башчысы Аманбай Кайыповдун катышуусунда, Индиянын маданиятын тааныштыруу максатында иш чара болуп өттү.  Мындай демилгени, Индиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алок Амитабх Димри сунуштаган.

Бул маданий иш чара, Индиянын тарыхында эң чоң орду бар саясий ишмер Махатма Гандинин 150 жылдыгына арналып өткөрүлдү. Анда, йога боюнча мастер класстар өткөрүлүп, катышуучулар абдан көп болду.

Leave a Reply