Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыповдун 7-апрель – Элдик революция күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарада сүйлөгөн сөзү

Урматтуу теңиртоолуктар!

Бүгүн мамлекетибиздин тарыхындагы олуттуу окуяны эскергени чогулдук.

2010-жылдын 7-апрелинде эркиндикти сүйгөн эл эч убакта авторитардык, диктатуралык режимди тааныбай тургандыгын далилдеп, элдик төңкөрүш жасады. Кыргыздар кылымдарды карыткан, кайратман улут экендигин даӊазалады. Өкүнүчтүүсү, 87 эр-азаматыбыз окко учту. Ак үй алдында үй-бүлөлүк бийликке каршы чыгып, курман болгон 87 уулубуздун ичинен 25 теңиртоолук жигиттер арабыздан кетти.

Кырчындай болгон эр-азаматтарыбыздын кан-жаны менен эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук орногону баарыбыздын эсибизде болушу керек.

Элибизде намыстан күчтүү нерсе жок экен. Карт тарыхы бар, байыркы элдин учугун улай эгемендүүлүгүбүздү коргоп кала алдык. Бирок, кан төгүлүп, уулдарыбыздан ажырап калганыбызды эстегенде, кабыргабыз сөгүлүп, жүрөгүбүз сыздайт.

Азыр арабызда курман болгон балдарыбыздын жакындары турат. Ушундай уулдарды тарбиялап өстүргөнүңүздөр үчүн сиздерге жалпы журтубуздун атынан таазим кылам. Бүгүн ал окуянын күбөлөрү, ошондой эле активдүү катышуучулары, «Апрель революциясынын баатырлары» дагы арабызда. «Мекен шейиттери», «Айкөл Ала-Тоо» коомдук уюмдарын түзүп, учурда омоктуу иштерди аткарышууда.

Тарыхыбызда мамлекеттүүлүктү алуу оңой болгон эмес. Эзелтен ата-бабаларыбыз эркин эл болуу үчүн бардык күчүн жумшап, айгайлуу салгылаштарда мекенин душмандардан коргоп келген. Кылымдар бою бирде жеңилип, бирде жеңишке жетип келген мамлекетибизди, бүгүнкү күндө эгемен өлкө катары дүйнө эли тааныды.

Албетте, өлкөнүн өсүп өнүгүүсү, элинин байгерчилик жашоодо болуусу өлкө башчыларынан көз каранды. Ал эми артыбызда турган бул эстеликти Апрель революциясынын баатырларынын бири эр жүрөк мекендешибиз Эмилболот Кыштообаевдин жаркын элесине арнап тургуздук.

Жердешибизди 7-Апрель – элдик революциясында жумурай журт жакшы тааныйт.

Ал 1971-жылы 14-январда Нарын облусунун, Нарын районунун Эмгекчил айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын экинчиси болгон.

2001-жылдан баштап Кыргыз Мамлекетинин саясий-экономикалык өнүгүүсүнө мекенчил патриот катары кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн, мамлекеттүүлүгүнүн сакталышына чоң эмгек кылып, салымын кошкон.

2010-жылдагы 7-апрель Элдик революциясында элди карай атып жаткан снайпердин бирөөсүн атып, көптөгөн өмүрлөрдүн сакталып калышына өбөлгө болгондугу үчүн «снайпер» атка ээ болгон.

2010-жылы чыккан түштүк жергесиндеги коогалаңда досу Касымов Абдраим экөө «Каркыра» элдик кошуун түзүп, улуттар аралык жаңжалдын басылуусуна жана түштүк жергесиндеги тынчтыктын орношуна чоң салымдарын кошкон.

Ал мамлекет тарабынан өзүнө келген жардамдардан бир тыйын албай, жалаң коогалаңда каза болгон жана жарадар болгондордун үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн тынбай аракет көргөн.

Мына ушундай айкөлдүгү жана эрдиги үчүн жалпы журттун оозуна алынып, сыйга эгедер болуп олтурат.

Эл баатырынын жакындарына, туугандарына кайрат айтам. Мекенин чыныгы сүйгөн адам жан дили менен эли үчүн кандай кызмат кылаарын көрсөтүп, тарых барактарында өчпөс тамгалар менен жазылып калды. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт.

Көңүл бурганыңыздарга чоң ырахмат!

 

Leave a Reply