КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ АМАНБАЙ КАЙЫПОВДУН КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫНА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК КУТТУКТООСУ

Урматтуу теңиртоолуктар, кадырлуу мусулман эли!

 

Курман айт майрамы – ар бир мусулмандын жан дүйнөсүн тазартып ыйманга, сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө, ынтымакка үндөгөнү талашсыз. Бул майрамдын келишин мусулмандар ар дайым чыдамсыздык, кубаныч илгери үмүт менен тосуп алышат. Бул күндөрү дос досун кечирип, араздашкандар жарашып, бири-бирибизге белек беришип, кадыр көңүл табыша турган күн. Белек берүү менен жакшы сезимдер артып, туугандыгыбыз, жакындыгыбыз бекемделе турган күн. Жүрөк жылыткан сөзүбүз жана жылуу жылмаюбуз менен өзгөлөрдү бакытка бөлөй турган күн. Бардык жакшылыктын башаты болгон дуба-тилектер кабыл боло турган күн. Ооба, бул күндөр ушундай кут берекеге толгон майрам.

 

Бирок, бүгүнкү күндө өлкөбүздө ар кандай жагымсыз окуялар орун алып кетти. Бул албетте кыргыз элин мүңкүрөттү. Бирок, кыргыз журту өзүнүн Ала-Тоодой бийиктиги, айкөлдүгү менен кылымдар боюу өзүнүн эркиндигин сактап, эгемендүү өлкөгө айланганы талашсыз. Мына ушундай эңсеп жеткен эркиндигибизди чектеп “Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман” болуп, дал ушул учурлардан пайдаланып, өз көмөчүнө күл тарткандар арбыды. Аларга биздин тынчтыгыбыз, келечегибиз бир тыйын. Андыктан,

урматуу бир туугандар ар кандай чагымчылдарга алданбай, элибиздин келечеги үчүн жапырт аракет көрөлү. Белгилүү тарыхый инсан Искак Раззаков айткандай: “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот!” эмеспи. Мына бүгүнкү курман айт намазында ар бирибиз элибиздин келечеги, тынчтыгы үчүн жабыла тилек кылалы.

 

Жерибиз тынч, элибиз ток, балдарыбыз келечектүү болсун.

 

Ар бир агарып аткан таңдын нуру берекелүү болсун! Дүйнөнүн сулуулугун, бейкуттугун сактаган ата – энебизге күйүмдүү болуп, тууганды туу тутуп, достукка бекем бололу!

 

Жаратканыбыз бир дагы пенде калтырбастан баарыбызды бактылуу кылсын. Жерибизге тынчтык, Элибизге ынтымак берсин. Ыйык Курман айт майрамыңыздар менен жеке өзүмдүн жана КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын атынан чын дилимден куттуктайм.

 

Дагы бир жолу, Курман айт майрамыңыздар менен!

 

Көңүл бурганыңыздарга чоң ырахмат!

Leave a Reply