Кыргызстандагы хоккейдин өсүшүнө жумгалдыктардын салымы зор

Кыргызстандагы хоккейдин өсүшүнө жумгалдыктардын салымы зор

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Жумгал районуна иш сапар менен барып, райондон анча алыс эмес жерде жайгашкан Байзак айылындагы “Каныбек Кулмамбектов” атындагы муз аянтчанын ачылышына катышты. Дубан башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөп,  “Кыргызстандагы хоккейдин өсүшүнө жумгалдыктардын салымы зор”-деди.

Мына ушул муз аянтчада 7-республикалык хоккей боюнча мелдеш өтүп, анда жалгыз гана Ысык-Көлдөн келген кыздар командасы болду. Мына ушул командага Аманбай Кайыпов ийгилик кааалап, өз атынан бир сыналгы белекке берди.

Андан соң облус башчысы райондук коллегиялык жыйынга катышты.Анда райондогу жетишкендиктерди айтып, андан соң медицина тармагындагы көйгөйлөргө токтолду. Оорукананын азыркы абалына жетекчи күнөөлү экенин айтып, тез арынын ичинде кандайдыр бир чаранын көрүлүшүн талап кылды.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты

Leave a Reply