КЫЛЫМ КАРЫТКАН ОН ТӨРТ КАРЫ

Бүгүн, 1-октябрда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов 100 жаштан ашкан кары адамдарды куттуктады.

Облус башчы алгач Нарын шаарынын тургуну 98 жаштагы Сатыке апанын үйүндө болуп кары адам менен баарлашты. Ага акчалай жардам жана белек-бечкектерди тапшырды. Майрамды утурлай келип учурашып, карыяларга көңүл бөлүп жаткан жетекчиге Сатыке апа ыраазычылык билдирип, каалоо-тилектерин айтты. Өз кезегинде облус башчысы Эмилбек Алымкулов жалгыз бой жашаган энеге материалдык жардам көрсөтөрүн, кышка даярдыктарына көмөктөшөрүн убада кылды.

Андан соң Эмилбек Алымкулов Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын тургуну 100 жаштагы Мистекан апа менен учурашып, ала келген белектерин тапшырды. Карынын небере уул-келини менен маектешип, улгайган адамды бапестеп багып жаткан үчүн ыраазычылык билдирди.

Ушул эле убакта Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов да Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылынын тургуну Рапия апаны бүгүнкү майрамы менен куттуктап, каалоо тилектерин айтты.

Учурда облус аймагында 70тен жогору жаштагы 9053 карыя бар. Анын ичинен 100 жаштан ашканы 14.

Эске салсак, мындай майрам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 «Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн» жыл сайын өткөрүү жөнүндө токтомуна ылайык облустун бардык аймактарында 15-сентябрынан 15-октябрына чейин 1 айлык акция жарыяланып, жергиликтүү бийлик, тийиштүү кызматтар жана демөөрчүлөр тарабынан карыларга камкордук, социалдык жана материалдык колдоолор көрсөтүлүп келет.

КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы

Leave a Reply