КОЧКОРДО БСР КУРУУ ПЛАНДАЛУУДА

Бүгүн, 10-апрелде облус башчысы Аманбай Кайыпов “Ислам өнүктүрүү банкынын” өкүлдөрү менен Кочкордо жолугуп, алдыда жасалуучу иштер тууралуу сүйлөшүштү.

Аталган банк айыл жерлерин өнүктүрүү боюнча ар кандай проектерди ишке ашырып келген.

Ушул жылы, Кочкор районуна караштуу Шамшы айылына жаңы БСР ( басейн суточного регулирования) куруу облус жетекчилиги тарабынан сунушталган.

Эгер бул проект ишке ашып калса 1000 гектар жер суугарылып, 700 гектарга чейинки жер өздөштүрүлөт.

Мындан сырткары, Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айылына да БСР куруу бул жыйналышта сунушталды.

КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы

Leave a Reply