“КООПСУЗДУК-2019” МАШЫГУУСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

25-27-июнь күндөрү Нарын жергесинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Командалык-штабдык жана мобилизациялык биргелешкен “Коопсуздук-2019” машыгуусу болуп өттү. Ага, Нарын облусунун жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары, аймактык күч түзүмдөрү жана Жарандык коргонуу кызматтары катышты.

“Бул болуп өткөн иш чарада ар кандай табигый кырсыктарга, массалык баш-аламандык учурларына жана өзгөчө кырдаалдарга карата Нарын облусунун күч түзүмдөрүнүн, атайын кызматтарынын, мекеме-ишканаларынын даярдыктары текшерилди. Үч күн боюу ушул түзүмдөрдүн кызматкерлери колдон келген аракетин жумшап, жакшы иш алып барышты. Бул иш чара облуста биринчи жолу болуп жатканына байланыштуу, ар кандай мүчүлүштүктөргө жол берилди. Ошентсе да, бүткүл күчтү жумшап, бул машыгууну ийгиликтүү өткөрүп алдык деп ишенем”-деди, дубан башчысы Аманбай Кайыпов.

Штабдык машыгууга активдүү катышкан жана бул машыгууну уюшкандыкта өткөрүүгө, машыгуу учурунда Нарын облусунун коопсуздугун сактоого даярдыктарды камсыз кылууда өз салымын кошкон катышуучуларга өкүлчүлүктүн “Ардак громатасы” жана “Ыраазчылык каты” тапшырылды.

Эске сала кетсек, окуу-машыгуунун учурунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабы тарабынан ар кандай өзгөчө кырдаалдардын (мисалы суунун уулангандыгы, ар кандай стратегиялык обьектилерге кол салуу, өрттөө, массалык баш-аламандык, мекеме-ишканаларга жардыруучу каражаттарды, муляждарды коюу сыяктуу ж. б.) буйруктары берилип, тиешелүү кызмат адамдарынын ушундай кырдаалдардагы биргелешкен аракети жана даярдыгы текшерилди. Ат-Башы районунда жана Нарын шаарына 26-июндан 27-июнга караган түнү коменданттык саат киргизилип, тосмолор (блок-посттор) коюлуп, шаар ичин түнкү кайгуул кызматы көзөмөлдөдү.

КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы

Leave a Reply