ИЗИЛДӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Бүгүн, 25-июлда КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, облус башчысы Аманбай Кайыпов жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү Солтон-Сарыга барды.

Алгач Кубатбек Боронов кытайлык “Jhong ji Mining” компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Андан соң биринчи вице-премьер-министр эл менен жолугуп, буга чейинки борбордук лабораторияга алынып кеткен малдын, жердин жана суунун жыйынтыгы тууралуу тиешелелүү кызматтын жетекчилери маалымат берди.

Биринчи маалыматты Өкмөттүн ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Калыс Жумаканов берип, өлгөн малдан эч кандай уулануучу зат табылбаганын айтты. Эң негизги себеби малдын толук вакцинациядан өтпөгөндүгүнө байланыштуу, өлгөн малдын 66%ы өпкө, боор ооруларынан улам өлгөн.

Ал эми мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору Исаков Төлөнбай сууда жана жер кыртышында сианид жана мишьяк жок экенинин изилдөөнүн жыйынтыгы менен белгиледи.

Эл менен жолугушуу суроо-жооп менен уланып, биринчи вице-премьер-министр кытайлык компанияга талаптарды коюп, эгер алар аткарылбаса жумушту таптакыр токтоторун эскертти.

“Дүйнө жүзүндө баардык мамлекеттер тоо-кендерин иштетет. Бизге келген инвесторлорду туура пайдаланып, иштешишибиз керек. Мамлекет ушул инвесторлор аркылуу өнүгүүдө”-деди, өз сөзүндө Кубатбек Боронов.

КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы

Leave a Reply