ЖЕРГИЛИКТҮҮ ФОНДДОРДУ ТҮЗҮҮ АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮ ШАРТТАЙТ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, бүгүн, Нарын районунун Эмгекчил, Миң-Булак, Эчки-Башы, Он-Арча, Казан-Куйган айылдарынын эли менен жолугушуп, жергиликтүү маселелер, айыл элинин көйгөйлөрү тууралуу баарлашты.

Облус жетекчиси биринчи кезекте кышка даярдыкты, тоют топтоону колго алуу зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында мамлекет тарабынан айылдардын ортосундагы жолдорду оңдоо, таза суу киргизүү сыяктуу бир топ колөмдүү иштер жасалып жатканына токтолду. Ошол эле учурда аймактарды сырттан бирөө келип өнүктүрүп бербестигин, озүбүз аракет кылып ар бир айыл өкмөтүндө жергиликтүү фонддорду уюштуруп, айылдын колунда бар уулдарын, ыктыярдуу демөөрчүлөрдү тартсак жергиликтүү бир топ маселелерди чечип алууга болоорун демилгеледи.

Эмилбек Алымкулов өз сөзүндө санариптештирүүнүн маанисине да кенен токтолуп, учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн, акча жүгүртүүнүн бардык түрлөрү санариптик системага өтүп жаткандыгын, бул биринчиден убакытты үнөмдөсө, экинчиден коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алаарын белгилеп, бардык айыл аймактарга жана мектептерге интернет байланышын киргизүү бүгүнкү кундүн талабы экендигин айтты.

Жолугушууда айыл тургундары тарабынан Солтон-Сары алтын кенинин тагдыры, экология маселеси, ички-тышкы жайыттар, сугат каналдары, Кара-Кече көмүр кесиминдеги кезек күтүүнү санариптештирүү, “Мегаком” уюлдук түйүнүнүн антенналарын аталган айылдарга тарттыруу, электр чубалгыларынын жана подстанцияларынын жетишсиздиги, күзгү сугат иштерин уюштуруп берүү зарылдыгы, Өрнөк айылына бала бакча керектиги сыяктуу жана башка бир катар маселелер көтөрүлдү.

Облус башчысы Солтон-Сары алтын кени тууралуу: “Кытайдын мамлекеттик компаниясына лицензия 2008-жылы берилген. 2013-жылы ушул эле компания лицензиясын 2033-жылга чейин узартып алган. Бирок булар менен келишим түзүлгөндө кызыкчылык биз тарапта болбой калган. Аталган компания тарабынан чындыгында абдан көп эреже бузууларга жол берилип, экологияга зыян келтирилген. Элдин нааразычылыгы да ушундан келип чыккан. Экотехинспекция тарабынан 84 пункттан турган мыйзам бузуулар жазылып, ошонун негизинде компаниянын иши токтотулган. Азыркы учурда ал жерди Ички иштер министрлигинин күзөт кызматы көзөмолдөп, эч кимди киргизбей турат. Өкмөт тарабынан комиссия түзүлүп, иштеп атат. Анын ичинде Нарын облусунан 7-8 киши бар. Эгер компания иштей турган болсо мамлекеттин кызыкчылыгы корголушу керек. Ошондой эле бардык келтирилген зыян калыбына келтирилүүсү зарыл. Биз Өкмөткө ушул маселени коюп атабыз”,-деп билдирди.

Ошондой эле элдин башка маселелер боюнча да суроолору да канааттандырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы.

Leave a Reply