Жергиликтүү бийлик ишкерлер менен кызматташуусу каралды

Жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчылары, райондук мамлекеттик администрация башчылары, биринчи орун басарлары, Нарын шаарынын мэри, 1-вице мэри,айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү Кеңештердин төрагалары катышты.

Күн тартибинде Нарын облусунда 2018-2019-жылда кыш мезгилине карата даярдыктар, күзгү оруп жыюу жумуштарынын аткарылышы жана аймактарды өнүктүрүү иштеринин алкагында, ички инвестиция,ишкерлер менен иш алып баруу маселелери каралды.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары Касен Асизов жаан Жаркын Ибраева маалымат берген соң маселелер талкууга алынып, кеңешме чечимин чыгарды. Анда жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары –акимдерге,  Нарын шаарынын мэрине бир катар тапшырмалар берилди. Атап айтсак, ишкерлер менен макулдашылган долбоорлордун аткарылышын бүткөрүү жана бардык райондордо жана Нарын шаарында 1 ай аралыгында (график менен) жеринде семинар кеңешмелерди өткөрүүнү уюштуруу, жер-жерлерде жүргүзүлүп жаткан курулуш обьектилеринде (ишкерлер тарабынан жасалып жаткан социалдык,муниципалдык,айыл чарба багытында) жумуштардын жүрүшүн көзөмөлгө алып, аймактын климаттык шартын эске алуу менен курулуш иштерин сапаттуу жана ыкчам бүткөрүү аракеттерин көрүү,  ошондой эле колдоого муктаж жарандарга көмүр отунунан жардам берүүнү уюштуруу тапшырылды.

Мындан тышкары кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысын, жайыт акыларын толук чогултууну, ветеринардык клиникаларды баардык айыл аймактарына куруу аракеттерин көрүү милдеттендирилди.

Билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарындагы көйгөйлөр айтылып, билим берүү мекемелеринин документтерин толук бүткөрүү, кургак учук менен ооруган бейтаптарга стационардык шартта дарыланып келүүсүнө каралган акча каражаттарын бөлүп берүүнү уюштуруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы «Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомунун негизинде айыл өкмөттө чарба китебинде каттоодо турган 5-16 жаштагы балдардын так эсебин алып чыгуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго тартуу үчүн ПМПК (психолого-медико-педагогикалык комиссияларды) түзүп, ишин баштоо тапшырылды.

Leave a Reply