Жаштарга жакшы сөз керек

Бүгүн Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов Ысык-Көлдөн келген жаштар менен жолугушту. Бул иш-чараны Соиалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Динара Алымкуловна жана Нарын жаштар коому уюштурган.

Мындай жөрөлгөнү Нарын жаштары эки жылдан бери уюштуруп келет. Эң негизги максаты, тажрыйба алмашып, келечекте эл-жерге кызмат кылууга багытталган.

“Коомдун эң негизин түзгөн жаштар,өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошот. Маселен, Нарын жаштар коому түзүлгөн күндөн тарта алгылыктуу иштер болуп келет. Өз эмгектери менен жергебизге бир топ жакшы иштерди жасай алышты”-деди өз сөзүндө дубан башчысы .

Мындан сырткары жаштарга ийгилик каалап, Кыргызстандын келечеги мына ушундай жаштар менен жаркын болорун айтты.

 

Leave a Reply