Жарандык коргонуу боюнча жыл жыйынтыгы чыкты

Нарын шаарында жайгашкан Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын имаратында “Жарандык коргонуу” боюнча облустун жыл жыйынтыгы чыкты.Ага Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов,райондук администрация жетекчилери жана райондордогу мекеме жетекчилери катышты.

2018-жылдагы болуп өткөн иштер тууралуу ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Токтобек Казыевич маалымат берди. Маалыматта бир катар алгылыктуу иштер айтылып жана жетишпеген жактары да белгиленди. Анда облус боюнча Кочкор районунда эң көп өрт кырсыктары катталган.Ат-Башы району боюнча жашылдандыруу иштери начар жүргөн. Ак-Талаа районунда кооптуу жерде жашагандарды көчүрүү тездетилбеген. Жумгал районунда да ушундай маселелер айтылды. Ал эми Нарын районунда суу өтүүчү каналдардын тазаланбай жаткандыгы сөз болду.

Жыйындын соңунда, Аманбай Кайыпович мына ушул кетирилген катачылыктар боюнча ар бир жетекчиден сурап, тез аранын ичинде бүтүрүүлөрүн талап кылды.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты

Leave a Reply