Жарандык коргонуунун техникалык базасы

Бүгүн, 13-мартта, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов облус аймагындагы Жарандык коргонуунун жалпы инженердик техникалары менен штабдык окуу өткөздү.

Бул окууга жалпы Жарандык коргонуунун түзүмдөрү катышты. Окуунун эң негизги максаты, жазгы көчкү жана сел коркунучун алдын алууга даярдык кандай экенин билүүгө багытталган. Облус башчысы, ар бир мекеме-ишканалардын инженердик техникалары менен таанышып, окуу суроо-жооп менен коштолду.

Кошумчалай кетсек, облус боюнча жалпы 201 техника өзгөчө кырдаалдарга даяр турат.

Leave a Reply