Жарандык коргонуунун кезектеги штабдык окуусу

Бүгүн, 12-мартта, облус жетекчиси Аманбай Кайыповдун катышуусунда облустук Жарандык коргонуунун жетекчи курамы менен “Өзгөчө кырдаал коркунучунда жана пайда болгон мезгилде Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын иш аракеттери” тууралуу штабдык окуу өткөрүлдү.

Штабдык окуунун эң негизги максаты сел коркунучу жаралганда жана сел каптоолор болгон учурунда калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдын кесепетинен коргоо,кечиктирилгис иш-чараларды жүргүзүүгө күч-каражаттардын даярдыгын текшерүү жана калктын коопсуздугун камсыздоого багытталды.

Мындан сырткары, Жарандык коргонуу кызматтарына, тиешелүү мекеме-инканаларга,район жетекчилерине жана Нарын шаарынын мэрине тапшырмалар берилди.

Leave a Reply