ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ МЕЛИС ТУРГАНБАЕВ НАРЫН ЖЕРГЕСИНДЕ

14-октябрда Нарын шаарында эркин күрөш боюнча республикалык турнир башталды.

Турнирдин ачылышына Грузияда өткөрүлгөн ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнөлүк мелдеште чемпион болуп, Кыргызстандын туусун дүйнө жүзүнө желбиреткен Теңир Тоонун уулу Мелис Турганбаев катышты.

Мелдешти ачкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов турнирди уюштуруп жаткан “Нарын ынтымагы” коомуна ыраазычылык билдирип, спортчуларга ийгилик каалады.

Ошондой эле бүгүн эле Грузиядагы чемпионаттан учуп келип, Нарын жергесиндеги мелдешке катышып жаткан Мелис Турганбаевди жалпы теңиртоолуктардын атынан куттуктады.

Дүйнө чемпиону Мелис Турганбаев бул жалпы кыргыз элинин жеңиши экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, “Нарын ынтымагы” коому тарабынан уюштурулган эркин күрөш боюнча спорттук мелдешке республиканын бардык аймактарынан 10 салмактык категория боюнча спортчулар катышууда.

Leave a Reply