Ден-соолукка кам көрүү

Бүгүн Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Индиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алок Амитабх Димри менен жолукту.

Эки тараптуу жолугушууда жылуу сөздөр айтылып, мындан аркы чогу жасалуучу иштер талкууланды. Өз сөзүндө дубан башчысы: “Индияда медицина тармагы жакшы өнүккөнүн баса белгилеп, ушул жаатта чогу иштешүүгө чакырды. Айрыкча, бийик тоолуу облус болгондуктан жүрөк жана баш оорулары көп кездешээрин айтып, көп жылдан бери маселе болуп келген “томография аппаратын” алууга жардамдашууну суранды”

Мындан сырткары маданий алаканы да бекемдеп, эки өлкөнүн маданият өкүлдөрүн жакындатып, алдыда мыкты долбоорлорду аткараса болорун баса белгилешти.

Индиянын элчиси жеке эле медицина жаатында эмес, дагы башка тармактын өкүлдөрүнө Индияга барып 3 айдан жогору убакытка атайын окуулардан бекер окуп келсе болорун айтты. Мындан сырткары өйдөдө айтылган аппаратты алып берүүгө колдон келген аракетин жумшарын баса белгиледи.

Leave a Reply