Билимге басым койгон дубан башчы

4-февралда Нарын облусунун коллегиялык отуруму өттү. Ага Кыргыз Республикасынын вице-премер министри Алтынай Өмүрбекова, облус жетекчиси Аманбай Кайыпов, облустагы район башчылары жана мекеме жетекчилери катышты.

Коллегиялык отурумда эки маселе каралды. Алар, “Нарын облусунун 2018-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсү” жана “Нарын облусунун 2019-2023-жылдарга өнүктүрүү программасы”

Биринчи маалыматты реалдуу сектор боюнча дубан башчынын 1-орун басары Касен Азизович берди. Өз сөзүндө: “   Облустун өнөр жайынын өнүгүшүнө тоо-кен өнөр жайы бир кыйла таасир берди. Көмүр өндүрүүчү  ишканалар тарабынан 2018-жылы 1 млн 66 миң тонна көмүр казылып, 2017-жылга    салыштырмалуу 201 миң 336,6 тоннага көп болуп, же өсүү темпи 123,3 % ды түздү.Айыл чарба  продукцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң өндүрүү 2018-жыл ичинде 13 млрд 333,9 млн. сомду түзүп, өсүү темпи 100,9 %  болду.  Малдын башы баардык түрү боюнча өстү. Облустагы негизги мал чарба продукциясын эт, сүт, жүн өндүрүү ашыгы менен аткарылып, жыл ичинде 53592,0  тонна эт (103,0 %), 126751,0 тонна сүт (101,6%),  2175,3 тонна жүн (103,0%),  7547,5  миң даана жумуртка (101,2%) өндүрүлдү. 2018-жылы  мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн   717млн 199,3  миң сом    план-тапшырма берилип, 738 млн 318,6  миң сом суммасындагы салыктар жана башка жыйымдар чогултулуп,   102,9% аткарылды же болбосо мамлекеттик бюжетке  21 млн 119 миң сомго көп чогултулду” деди.

Ал эми, социалдык сектор боюнча маалыматты Аманбай Кайыповичтин орун басары Жаркын Бейшенбаевна улантты. Ал, Окуу китептеринин жетишсиздиги билим берүүнүн сапатына таасир этүүдө. Мектептердин китеп менен камсыз болуусу орус тилдүү мектептерде 67,5%, кыргыз тилдүү мектептер 73,4%ды түзөт. Облустагы мектеп окуучуларынын билим сапаты өткөн окуу жылынын жыйынтыгы менен 2016-2017-окуу жылга салыштырганда 1,53%га төмөн болду. Өзгөчө Нарын, Жумгал райондорунда  45%-45,7%ды гана түзөт. Республикалык олимпиада акыркы эки жылда Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондорунан, былтыр Нарын районунан бир да окуучу байгелүү орундарга илинген эместигин айтты.

Мындан соң коллегиялык отурумдун талкуу бөлүгүндө мына ушул билим берүү тармагын катуу сынга алды. Ушу жылы мыкты көрсөткүч көрсөтпөсө, катуу чара көрүлөрүн баса белгиледи. Андан кийин 2018-жылдагы көрсөткүчү начар мекеме жетекчилерине жекече суроолор болуп, кийинки жылга   чоң тапшырмалар берилди.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу аппараты

 

Leave a Reply