А.Кайыпов: “Кышкы спорттун түрлөрү боюнча Нарындын жаштары дүйнөнү багынтаарына ишенем!”

Бүгүн республика боюнча алгачкы ирээт лыжа тээп жарышуу боюнча жаш өспүрүмдөр арасында турнир Нарын шаарында старт алды. Ага дубан башчысы Аманбай Кайыпов катышты.

 

Мындай мелдешти биринчи жолу КРнын дене тарбия спортунун отличниги, КРнын билим берүүсүнүн отличниги жана лыжа тээп жарышуу боюнча федерациясынын негиздөөчүсү Бакытбек Абдыразаков 2014-жылы 30-июнда негиздеген. Тилекке каршы негиздөөчү акка моюн сунганына байланыштуу ушул мелдешти мындан ары өнүктүрүүгө жубайы Назгүл Мусакожоева аракет жасап келет.  Андыктан, Бакытбек Абдыразаков Нарын жергесинин кулуну болгондуктан, мындай республикалык мелдештин биринчисин анын жаркын элесине арнап, Нарында өткөрүүнү туура көрүшкөн.

 

Бул турнирге лыжа тээп жарышуу боюнча тажрыйбалуу спорт чеберлер, ветерендар жана жаш муундар келишкен.

 

Leave a Reply