А.КАЙЫПОВ КОЧКОР РАЙОНУН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Бүгүн, 10-апрелде дубан башчысы Аманбай Кайыпов Кочкор райондук маданият үйүндө Кош-Дөбө, Кочкор, Ак-Кыя, Семиз-Бел жана Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн эли менен жолукту.

Ага, облустук прокуратура, УККнын Нарын башкармалыгы, НОИИБы, юстиция башкармалыгы, ӨКМнин Нарын башкармалыгы, облустук ветеринардык бөлүм, “Гарантиялык фонд” ААК облустук өкүлү, экология, экотехинспекция, суу чарба башкармалыгы, жол чарба департаменти №2 бөлүмү, капкурулуш башкармалыгы, «ЧыгышЭлектр» ААК Нарын филиалы, монополия каршы бөлүмү, усулдук билим берүү борбору, НОҮМБ, ФОМС, РСК, Айыл БАНК, камсыздандыруу уюму, №2025 чегара аскер бөлүгү, финпол, үрөөн чарбасы, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо бөлүмү, “Кыргызтелеком” ААО мекемелиринин өкүлдөрү катышып, элдин суроолоруна жооп беришти.

2 сааттан ашык жолугушууда Аманбай Кайыпов 2018-жылда жасалган иштер тууралуу чакан баяндама жасады. Андан соң элдин 30га чукул суроо-талабына жооп берип, айрымдарына кийин кат менен жооп берерин айтты.

Эске сала кетсек, облус башчысы Аманбай Кайыпов 10-апрелде Кочкор районун эли менен, 11-12-апрелде Жумгал районун эли менен жолугуп, аймактардагы көйгөйлөрдү жеринде талкуулап чечүү боюнча эл менен жолугушуу өткөрөт.

КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Leave a Reply