А.Кайыпов: Комиссия мүчөлөрү эч кимге тарпай так жана туура чечим чыгарып беришиңиздерди суранам

“Республикада билим боюнча облустун жүзү силер болосуңар. Андыктан, коркпой, жакшы тапшырып, мыктылар алдыга чыксын. Ал эми комиссия мүчөлөрү эч кимге тарпай так жана туура чечим чыгарып беришиңиздерди суранам”-деди, облус жетекчиси Аманбай Кайыпов, бүгүн, 12-мартта мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын 3-облустук турун баштоо алдында сүйлөгөн сөзүндө.

Быйыл облус боюнча мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасына 201 окуучу катышып жатат. Булардын арасында Тогуз-Торо районунун да окуучулары бар. Бул билим олмпиадасы 2 күнгө созулуп, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинде өтмөкчү. Эң жакшы көрсөткүч көрсөткөн окуучулар республикада Нарындын намысын коргомокчу.

Эске сала кетсек, өткөн жылы мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасында Нарын облусунун окуучулары областар арасында 2-орунду ээлеген.

Leave a Reply