А.КАЙЫПОВ КАЗАКСТАНДЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Бүгүн, 9-апрелде, облус башчысы Аманбай Кайыпов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев менен жолукту.

Жолугушууга элчинин биринчи орун басары Нурлан Ешкеев, облус башчынын орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаарынын мэринин орун басары, райондук администрация жетекчилери жана жергиликтүү ишкерлер катышты.

Жолугушуунун максаты, казак кыргыз достугун бекемдөө жана Нарын облусуна кандай инвестиция тартса болору тууралуу болду.

Мындан сырткары,  Нарын дубанында жогорку сапаттагы эт, картошка жана бал бар. Казак элчиси ушул азык-түлүктөрдү алдын ала керектөөгө жараша тиешелүү өлчөмдө буйрутма берип, экспорттосо боло турганын айтты.

Эске сала кетсек, Карим Кокрекбаев элчи болуп дайындалгандан бери Нарынга биринчи жолу келди.

КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Leave a Reply