А.Кайыпов: Бир да мал вакцинациядан өтпөй туруп жайлоого чыкпасын

“Бир да мал вакцинациядан өтпөй туруп жайлоого чыкпасын!” –деди,облус башчысы Аманбай Кайыпов, бүгүн, 13-мартта жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча облустук жыйында сүйлөгөн сөзүндө.

Бул жыйынга райондук администрациянын өкүлдөрү, үрөн чарба, мал чарба, ветеринардык клиника, техника, суугат тармагына тиешелүү жетекчилер катышты. Алардын ар биринен жазгы талаа иштерине болгон камылганы сурап, тиешелүү жетекчилерге тапшырма берилди.

Эске сала кетсек, быйыл жазгы талаачылык иштерине 38073 гектар жер айдоого белгиленген.

Leave a Reply