А.КАЙЫПОВ: “БИЗДИН НЕГИЗГИ МАКСАТ, МИГРАНТТАРДЫН САНЫН АЗАЙТУУ”

7-8-июль күндөрү Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов баш болгон делегация иш сапары менен Москва шаарына барды.

Алгач, облус башчысы Кыргыстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен жолугуп, эмгек мигранттарынын азыркы абалы жөнүндө пикир алмашышты.

Андан соң, делегация Москвадагы кыргыз ишкерлери менен жолугушту. Жолугушууда Нарын облусунда жасала турчу бизнес долбоорлор тууралуу маалымат берилди. Дубан жетекчиси ишкерлерди Нарын жергесине ишкерлик кылууга чакырып өттү.

Мындан кийин делегация Россияда эмгектенип жаткан мигранттар менен кездешип, алардын көйгөйлөрүн укту. Бул жерде иштеп жаткандардын ынтымагы жана биримдиги үчүн кызмат кылып жаткан айрым мигранттарга сыйлыктар тапшырып, ыраазычылыктар айтылды.
“Биздин негизги максатыбыз, өз жерибизде жумушчу орундарды арбын түзүп, жаштарды аймактарда алып калуу жана мигранттардын санын азайтуу”-деди, Аманбай Кайыпов.

Делегациянын кийинки сапары “ФУД СИТИ” агрокласстерине болду. Бул жерден Россиянын тейлөө тармактарынынын баарына продукциялар кетип турат. Мына ушул жайга Нарындан өндүрүлгөн продукцияга орун берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Буга улай эле делегация Россиядагы айрым фермалар менен таанышты. Нарындын шартына ылайыктуу эт жана сүт багытындагы уйларды мындан ары да алып келүү боюнча макулдашуулар мерчемделди.

Иш сапардын соңунда Аманбай Кайыпов менен “Нарын-Теңир-Тоо” коомдук уюму кызматташтык келишимине кол коюшту.

КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы

Leave a Reply