АМАНБАЙ КАЙЫПОВ ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАРЫН УЛАНТАТ

Бүгүн, 15-апрелде, КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын районуна караштуу Орто-Нура айылында Чет-Нура, Орток жана Дөбөлү айыл аймагынынын эли менен жолугушту.

Жолугушууга Нарын облусундагы мекеме жетекчилер да катышты.

Элдин негизги көйгөйлөрү Чет-Нура айыл аймагындагы жайыт маселеси, Орток айыл аймагындагы спорт комплекс, Таш-Башат айылындагы таза суу, Ак-Сай жайлоосундагы жана Оруктамдагы капчыгай жолдору, Ийри-Суу айылындагы мектеп жана клуб тууралуу болду.

Айтылган көйгөйлөрдүн ичинен жеринде чечилгендери төмөнкүлөр:  Таш-Башат айылындагы бүтпөй турган спорттук комплекс өкмөткө сунушталган. Быйылкы жылы облустагы башталып, бирок  аягына чыга элек обьектилерди бүтүрүү тапшырмасынынын негизинде, жакынкы арада оң жагына чечилүүсү мүмкүн. Мындан сырткары ушул эле айылга таза суу киргизүү боюнча иштер башталганын Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Алмазбек Мамыров билдирди.

Ал эми, Ак-Сайга бараткан жол жана Оруктамдагы капчыгай жолдору быйыл июлда кеңейтилип, түздөлө турганын №8 ДЭП жол тейлөө ишканасынын башчысы Акылбек Мусабаев айтты.

Жолугушууда айтылган айрым маселелер жазылып алынганын жана жакынкы арада тиешелүү иш-аракеттер көрүлөрүн Аманбай Кайыпов жыйындын соңунда баса белгиледи.

Маалымат ирээтинде айтып өтсөк, облус башчысы Аманбай Кайыпов аймактардагы көйгөйлөрдү жеринде талкуулап чечүү боюнча  16-апрелде саат 10:00дө Учкун, Сары-Ой, Достук жана Жан-Булак айыл аймактарынын эли менен Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектебинде жолугат. Ал эми түштөн кийин саат 14:30да Ак-Кудук, Жерге-Тал жана Эмгек-Талаа айыл округунун эли менен 8-март айылындагы М.Осмонов атындагы орто мектебинде эл менен жолугушуу өткөрөт.

КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы

Leave a Reply