Аманбай Кайыпов: Канча таза иштесек, ошончолук уйкубуз тынч болот

Бүгүн, облус башчысы Аманбай Кайыпов 5-март “Кыргыз Республикасынын сот системасындагы кызматкерлеринин күнү” менен Нарын облусунда эмгектенип жаткан сот системасындагы кызматкерлерди куттуктап, айрымдарына “Ардак громата”  тапшырды.

Өз сөзүндө: “Баарыбыз мыйзам чегинде иш алып барышыбыз керек. Чындыгында, Нарында сот системасына элдин ишеничин зор. Канча таза иштесек, ошончолук уйкубуз тынч болот”-деди.

Мындан сырткары, сот кызматкерлерине Жогорку Кеңештин, жергиликтүү администация жана мекеме жетекчилеринин атынан громаталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Leave a Reply