АМАНБАЙ КАЙЫПОВ ЖУМГАЛДА

Бүгүн, 11-апрелде Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 10 айыл өкмөттүн эли менен жолукту.

Бул жолугушууга облустун ар тармак боюнча жетекчилери да келип катышты.

Алгач, дубан жетекчиси облуста жасалган жана алдыда жасалуучу иштер жөнүндө маалымат берди.

Андан соң, элет көйгөйлөрү айтылып, элдин суроолоруна Аманбай Кайыпов жооп берди.

Эске сала кетсек, облус башчысы мындай жолугушууларды жыл ичинде эки ирээт өткөрүп келет.

КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы

 

Leave a Reply